Биз менен байланышыңыз

BYPOL: Бакиевдин үй-бүлөсү Лукашенкого 1.6 млн доллар пара берген

Кыска кабар | 5 Дек 2021 | 459 | 0

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Беларусиянын президенти Александр Лукашенкого 1 млн 600 миң доллар өлчөмүндө пара берген. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн коопсуздук күчтөрү BYPOL, 3-декабрда жарыялаган иликтөөсүндө айтылганын Kloop.kg  сайты жазды.

BYPOL Лукашенкого пара бергендер боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Алардын айтымында, пара бергендердин сап башында Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жубайы Айжан Кененбаева турат.

Маалыматта расмий Минск кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча Бишкектин өтүнүчтөрүнөн такай баш тартканы үчүн жана Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн Белорусияда баш калкалоосу жана коопсуздугу үчүн пара берилгендиги айтылган.

BYPOL маалымдагандай, атактуу Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard Лукашенконун автопаркында пайда болгонун дүйнөнүн бардык ММКлары чагылдырган эле. Автоунаанын баасы 1.4 млн евродон кем турбайт. BYPOL берген маалымат боюнча, Владимир Путинде деле мындай люкс брондолгон лимузин жок. Бул параны мурдагы Бакиевдин үй-бүлөсү анын келини Айжан Кененбаева аркылуу өткөрүп бергени айтылган.

Кошумчалай кетсек, BYPOL 2018-жылы чыгарылган Harley-Davidson мотоцикли Кененбаевага 26.5 миң долларга берилгенин билдирген.

Бакиевдердин үй-бүлөсүнө берилген паранын жалпы суммасы 1.6 млн доллардан кем эмес болгон. Беларусиянын мурдагы жана азыркы коопсуздук кызматкерлеринин биримдиги бул сумма акыркы эмес экенин жана анын саны бир нече эсе көп болушу мүмкүн экендигин белгилешкен.

BYPOL бул- 2020-жылдын октябрында Беларусияда мыйзамдуулукту жана тартипти орнотууну каалаган укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн уюм. Аталган уюм бир канча иликтөө жарыялаган. Ушул жылдын ноябрында Беларусиянын бийлиги BYPOLду «экстремисттик түзүлүш» деп таанып, анын мүчөлөрүнө тергөө амалдарын баштаган.

Эске салсак, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарды. 2010-жылдагы көтөрүлүштө үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларусиядан башпаанек алган.

Copyright © 2017 Maral FM