Биз менен байланышыңыз

Каптагаев: Бийлик Атамбаев тарабынан узурпацияланган

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 641 | 0

Кыргызстанда өткөн 2 революция тең максатына толук жете элек. Мындай пикирин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев элдик курултайда айтты. Анын белгилешинче, үй-бүлөлүк башкаруунун тамыры али да үзүлө элек. Андай системанын уланышын шарттап турган жагдайлардын жоюла электигин да эске салды.

Ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык президенттик ишмердүүлүгүнө да баасын берди.

-Алмазбек Атамбаев тарабынан 2017-жылы бийлик толук узурпацияланган дегенге негиз бар. Анткени ал Баш мыйзамда көрсөтүлгөн өзүнүн укуктарынан чыгып, жан-жөкөрлөрүнөн турган топ менен мыйзамсыз башкаруу борборун түзгөн. Өлкөдө үй-бүлөлүк башкарунун башкача түрү орноп, жеке кландык башкаруу пайда болгон. Натыйжада, өкмөт, жогорку кеңеш жана сот түзүмү, укук коргоо жана коопсуздук кызматтары өз алдынчалыгын жоготуп, жеке кишинин саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоп калган,-деди Каптагаев.

Мамлекеттик маанидеги маселелердин чечилүүсү, ички жана тышкы саясат жеке пикирден көз каранды болуп калганын да белгиледи.

Экс-президенттин мындай аракети өлкөдө болуп өткөн революцияларынын максатына каршы келерин да кошумчалады.

Айта кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.

Copyright © 2017 Maral FM