Биз менен байланышыңыз

Турганбаев: Марат Бакиевдин досун кармай коюп кызматтан ыргып кеттим

Пикирлер | 10 Окт 2018 | 1050 | 0

Бакиевдердин учурунда буйрутмага киши өлтүрүүлөр башталганда Марат Бакиевдин досу Алдаяр Исманкуловду тапанча менен кармай коюп Мелис Турганбаев ээлеп турган кызматынан кеткен. Мындай оюн ал өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, Турганбаев 2005-жылы Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп кызматка келип, Исманкуловду колго түшүргөн соң кызматынан кол жууп калат.

— Бир жылдай жүрүп калдым. Ошол кезде уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, чоң кылмыштар боло баштады. Өмүрбек Субаналиев министр болуп турганда жардам кыл дегенинен 2007-жылы кайра кызматка келдим. Ошол кездеги президенттин аппаратынын жетекчиси Медет Садыркуловдун үйүнө кулак менен сөөмөйдү ыргытып жиберишет. Садыркулов эрте менен чакырып «президент сизге түз буйрук берет, бирок эч кимге айтпаңыз, кылмышкерди табасыз, таппасаңыз…» сиз менен да сүйлөшөбүз дегендей кылып койду. 

Маалым болгондой, Турганбаев президентке кирип, кулак менен сөөмөйдүн Садыркуловго «тартууланганын» түшүндүрүп берген. Чакан топ түзүп, кыска убакыттын ичинде кылмыштын бетин ачышат.

— Селсаяктын кулагы менен сөөмөйүн кесип келишкен экен. Кылмышты ачыкка чыгарганда мени Ак үйгө чакырып «ишти токтот» деп калышты. Тиги киши иниси Жаныш үчүн жеке менден кечирим сурады деди. Бирок Жаныштар мени куугунтукка ала башташты. Министрдин биринчи орун басары болуп турганда белгилүү кызмат берип «ушуну менен иштейсиң, калганына такыр кийлигишпе» деп коюшту. Иштебей кете берейин десем көнбөй коюшкан.

Турганбаев иштеп турганда артынан адамдар аңдып беткаптарды кийип үйгө чейин кирип келгенин, үй-бүлөсүн коркутканын айтат.

— Бирок корккон жокпуз. Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча кымыштын бетин ачканда резонанстуу маалыматка салымым болду. Мунун барын билип эле жүргөнбүз. 2009-жылы Садыркуловду өлтүрүп кетишкенде эң биринчи биз чыкканбыз. Аламүдүн районунун ошол кездеги прокурору досум болчу. Ал таңкы саат 5те телефон чалып чакырып калды. Барсак эч ким жок экен. Айрым документтерди көчүртүп алып сактатып койдук. Анын баары кийин кереги тиерин билгенбиз. Айтканыбыздай эле болду. Алтынбек деген кыйын тергөөчүбүзгө тапшырма берсем ал иштин барын флешкага жаздырып койгон экен. Бирок кийин ал каза болуп калды. Кылмыш ишин ачабыз деп жатканда 2010-жылы революция болуп, документтердин бары өрттөнүп кетти. Прокуратура «кылмыш иши жок» деп колун жайып туруп берди. Көрсө, Алтынбек флешканы башка балага берген экен. Ал бала бардык материалдарды сактап койгон экен. Маалыматтарды алган соң кылмыш ишин кайра калыбына келтирип иштеп баштадык.

Экс-министр Садыркуловдун өлүмүн иликтөөдө жаңы технологияларды колдонушканын белгилейт. Кылмыштын 80% компьютердик технологиянын негизинде ачыкка чыккан.

— Техника эч кимди алдабагандыктан сот иштеринде көп пайдасы тийди. Ошентип Бакиевдердин баары соттолду. Биз ким кайсы жерде турганын, эмне деп айтканын техниканын жардамы менен аныктап, далилдеп бергенбиз. 

Турганбаев мындай аракеттерден соң коркутуулар болгонун айтат.

 — Сотторду, тергөөчүлөрдү, кызматкерлерди коркутушту. Айрымдарын сатып алабыз дегенге чейин барышты. Бирок өкүнүчтүүсү  2016-жылы жумуштан кеткенимде Бакиевдин тегерегиндегилер шылдыңдагансып жүрүштү. «Бакиевдин барын камадын, соттоттуң. Мына өзүң көчөдө калдың» дегендей мамиле жасашты. Анткен менен, Жалал-Абад эли ыраазы. Көчөдө кетип бара жатсаң бары таанышат. Бакиевдин кылмыштарына ишенбей олку-солку болуп тургандар Садыркуловдун өлүмү боюнча кылмышты ачыкка чыгарган соң «булар кандуу жол менен кетишкен тура» деп көпчүлүгү бөлөк жолго түшүп, ойлору өзгөрдү.  

Эске салсак, 2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына жакын жерде жол боюнан табылган. Кылмыштын бети 2012-жылдын сентябрь айында ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM