Биз менен байланышыңыз

«Жазаларды жеңилдетүү боюнча 8 миң 590 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Апр 2019 | 688 | 0

Жаңы мыйзамдардын негизинде абактагылардын жазасы жеңилдетилип жатат. Январь айынан бери жазаларды жеңилдетүү боюнча 8 миң 590 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пробация боюнча кабыл алынган мыйзамда жазаларды жеңилдетүү, профилактика иштери каралган.

«Пробация боюнча шарттарды түзүүгө жыл сайын 400 млн. сомдун тегерегинде акча сарпталат. Аталган институтка Бишкектен бир имарат берилди. Бирок аны бузуп, кайра жаңыдан салып, иретке келтирүү зарыл. Биз психологдорду, соц. кызматкерлерди жумушка алдык, бирок көпчүлүгү иштен кетип калып жатат. Себеби, жумуш — оор. Пробация институтун Юстиция министрлигине өткөрүп берүүдөн мурда, аталган министрликте жакшы реформалар жүрүшү зарыл. Ар бир нерсе өз багытында керектелиши шарт», — дейт Турганбаев.

Ал кошумчалагандай, мурда оор кылмыш жасагандар менен жеңил кылмыш жасап камалгандар өз-өзүнчө кармалчу. Жаңы мыйзамдар боюнча кылмышкерлердин баары аралаш отурат. Бул терс таасирин бериши мүмкүн. Мындан улам мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар берилип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM