Connect with us

«Шаарлардагы убактылуу кармоочу жайлар калаа сыртына көчүрүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Апр 2019 | 899 | 0

Шаардагы түрмөлөрдү калаанын сыртына чыгаруу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы убактылуу кармоочу жайларды калаанын сыртына көчүрүү пландары бар.

Ал үчүн учурда элчиликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, инвестор изделүүдө.

Турганбаев каржы маселелеринен улам абактар шаар сыртына көчүрүлбөй жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM