Биз менен байланышыңыз

«1-2 айда түрмөлөрдө телефон аркылуу алдоолор жоюлат»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Апр 2019 | 557 | 0

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев «Марал» радиосуна берген маегинде абактарда кыйноолор жок экенин билдирди.

«Мен түрмөлөрдөгү шарттардын жоктугун кыйноо катары эсептейм. Түрмөлөр менен таанышып келдим. Мисалы, ооруканада жылытуу системасы жок экен. Операция жасай турган жабдыктар эски», — дейт Турганбаев.

Ал мындан сырткары, Жаза аткаруу кызматында бир топ реформалар башталганын белгиледи.

«Абактагы коррупцияларды акырындык менен жоюп жатабыз. Кадрларды ротациялоо да кайсы бир деңгээлде маселени чечет. Анткени, түрмөнүн башчысы болуп 10 жылдан бери иштегендер бар. Абакта каралардын таасири жок. Бирок бардык жерде түрмөдөгү мыйзамдар иштей берет», — дейт Турганбаев.

Ал буга кошумча, мындан ары абакта отургандардын телефон аркылуу түрдүү алдамчылыктарга баруусуна жол берилбей турганын айтып, бул маселе 1-2 айдын ичинде толук жоюларын убада кылды.

Copyright © 2017 Maral FM