Биз менен байланышыңыз

Турганбаев: Бакиевдин адамдары калп таратууда

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Апр 2019 | 652 | 0

Фейсбуктагы «Компромат» тайпасынын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев тууралуу жарыялап жаткан маалыматтарында чындык жок. Бул тууралуу Турганбаев өзү «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Компромат» маалыматтарды Беларусиядан ыргытып коюп жатат. Алар тараткан маалыматта чындык жок. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги адамдар кылып жатат. Себеби алардын баарын убагында камадык. Элди «Компромат» тараткан маалыматтарга көңул бурбоого чакырам», — дейт Турганбав.

Ал буга кошумча, «Компроматка» расмий, бейрасмий түрдө да кайрылганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM