Биз менен байланышыңыз

Бектур Асанов УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 1882 | 0

Саясатчы Бектур Асанов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Эрлан Бекчоро уулу «Фейсбук» баракчасына жазды.

Бектур Асанов бул жолку парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

1-декабрда Бектур Асанов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чалып коркутканын билдирген.

«Коркпойбуз! Ташиев, Жапаров да түрмөгө отурду. Текебаев, мен эркекче отурдук. Намысыбызды алдырган жокпуз. Буларга окшоп бычак сайып, оңкоюп-тоңкойгон эмеспиз», — деп айткан Асанов.

Ал 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2019-жылдын февраль айында шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM