Биз менен байланышыңыз

Ибраимов: Куловдун Акаев тууралуу айткандарына ыраазы болдум

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Янв 2019 | 1224 | 0

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, адабий сынчы Осмонакун Ибраимов “Марал” радиосуна берген маегинде «Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери Феликс Куловдун “Акаевди Кыргызстанга алып келип, анын потенциялын колдонуу зарыл” деген пикирине ыраазы болгонун билдирди.

«Кулов эч качан «Акаевди Кыргызстанга алып келүү зарыл» деп айтпашы керек болчу. Себеби Кулов Акаевдин убагында түрмөгө түшкөн. Бирок Куловдун «Акаевди КРга алып келүү туура болот» деген сөзү мени Кулов жөнөкөй киши эмес экен деген ойго түрттү. Акаевдин качып кеткени жакшы болбой калды. Ал бийлигин Кыргызстанда берип кетсе болмок. Бирок жаманбы, жакшыбы туңгуч президенттин Кыргызстанда турганы жакшы болмок. Ал миң жаман болсо да сыртта качып жүргөнү туура эмес. Акаев колго алгыс нерсе жасады деп эсептебейм. Ошондуткан биз айкөл болушубуз керек”, — дейт Ибраимов.

Белгилей кетсек, Кулов «Маралга» берген маегинде Аскар Акаев илимий кызматкер катары ири потенциалга ээ болгонун жана мындай адамдарды колдонуу зарыл экенин билдирген.

Кулов: Акаевди алып келип, потенциалын колдонуу зарыл 

Copyright © 2017 Maral FM