- Эгемендүүлүктүн жарыяланышы
1990-жылы октябрь айында Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттин аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда республиканын Эгемендик тууралуу декларациясын кабыл алган. 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүк күнү жарыяланган.
- Алгачкы президентти шайлоо
Эгемен мамлекет болгондон кийинки алгачкы президенттик шайлоо 1991-жылдын 13-октябрында өткөн. Анда бир жыл мурда, 1990-жылдын 27-октябрында, Кыргызстандын Жогорку Совети тарабынан шайланган президент Аскар Акаев жалгыз талапкер болуп, 89 пайыздык добуш менен Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.
- Алгачкы референдум
Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өткөн алгачкы референдумда эки суроо коюлган. Алар:
А. Сиз бул референдум менен Конституцияга, мыйзамга жана саясий айдыңда өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдугуңузду бересизби?
Б. Эки палаталуу парламент болуусун колдойсузбу?
Жыйынтыгында элдин 90%ы макулдугун берген.
- Герб
1994-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен мамлекеттин символдорунун бири болгон герб кабыл алынган. Авторлору : А.Абдраев жана С.Дубанаев.
- Гимн
Мамлекеттүүлүктүн дагы бир символу — гимн. Аны Жогорку Совет 1992-жылдын 18-декабрында кабыл алып, бекиткен. Гимн 3 куплет жана бир куплет кайырмадан турган, бирок кийинчерээк экинчи куплети алынган. Сөзүнүн авторлору Ж.Садыков жана Ш.Кулуев, ал эми обонун Н.Давлесов жана К.Молдобасанов жараткан.
- Туу
Туу Кыргыз Республикасынын бир символу. Аны Жогорку Совет 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекиткен. Авторлору : Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
- Сом
Сом – Кыргыз Республикасынын акча бирдиги болуп эсептелинет. Ал КРнын Жогорку Советинин токтому менен 1993-жылы 3-майда кабыл алынган. Өлкө аймагында 10-майда жүгүртүүгө чыккан. Кыргызстан СССР курамындагы мамлекеттердин ичинен өзүнүн акча бирдигин чыгарган эң алгачкы өлкө болуп саналат.
- «Манастын» 1000 жылдыгы
1992-жылы 25-августта “Манас” эпосунун 1000 жылдык салтанаты 5 күнгө созулуп өткөн. Театралдаштырылган сахна коюлуп, 69 өлкөдөн делегаттар келип катышкан. Бул салтанаттын сценарийин жазуучу, драматург Бексултан Жакиев, ал эми режиссерлук милдетин Болот Шамшиев алган.
- 5 миллионунчу бала
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин калкынын санында биринчи ирет миллион жаңырды. Анда 5 миллионунчу болуп 2002-жылдын 27-августунда жаш үй-бүлөнүн тун уулу Тынчтыкбек туулган. Ага ысымды ошол кездеги президент Аскар Акаев коюп, үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир белек кылып берген.
- Камбар-Ата ГЭСинин ачылышы
“Камбар-Ата 2” ГЭСинин проекти “Ташгидропроект” институнун эмгеги менен 1985-жылы иштелип чыккан. Ошол эле жылы ГЭСтин курулушу башталып, бирок Союздун урашы менен куруу иштери токтоп калган. 2007-жылы 23-октябрда токтом кабыл алынып, куруу иштери кайрадан жанданган. Ошол эле жылы 27-ноябрда ГЭСтин бир гидроагрегаты эксплуатацияга берилген. Бир гидроагрегаттын кубаттуулугу 120 МВт болуп, жалпы 360 МВттык гидро электро станция курулган.
- Бээжин олимпиадасындагы медалдар
2008-жылы Бээжинде өткөн дүйнөлүк жайкы олимпиада эгемен Кыргызстан үчүн олжолуу болгон. Анда тарыхта алгачкы ирет грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар байге алышкан. Канат Бегалиев 66 кг салмакт күмүш медаль тагынса, Руслан Түмөнбаев коло медаль алган.
- Футболдон Азия кубогуна чыгуу
Кыргызстан футбол боюнча Азия чемпионатына тарыхта биринчи ирет 2019-жылы чыккан. Анда тайпалык оюндардан тандалып алынып, финалдык оюндун алгачкысында талаа ээлеринен, Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынан жеңилип калган. Бирок, бул кыргыз футболу үчүн чоң жетишкендик болуп калды.
- Көчмөндөр оюну
2014-жылы өлкөдө түрк дүйнөсү үчүн жана КМШ мамлектеттери үчүн тарыхый чоң иш чара старт алды. Ага 19 өлкөдөн 583 спортсмендер катышкан. Экинчи көчмөндөр оюндары 2016-жылы, үчүнчүсү 2018-жылы Ысык-Көл облусунда өткөн. 2020-жылы өтө турган төртүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү боордош Түркия өз мойнуна алган, бирок пандемияга байланыштуу кийинки жылга жылдырылды.
- 6 миллионунчу наристе
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери экинчи жолу миллионун жаңыртты. 6 миллионунчу наристе 2015-жылы 25-ноябрда 18:12 мөөнөттөрүндө жарык дүйнөгө келген. Бул кубанычтуу жарыяны аныктоо үчүн өкмөттөн атайын ыкчам штаб түзүлүп, анан аныкташкан. Туулган наристе да үй-бүлөдө алтынчы болуп туулган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөгө батир белек кылып, наристе кызга банктык эсепке бир миллион сомдук депозит ачууну өкмөт башчы Темир Сариевге тапшырган.
- Айсулуу Тыныбекованын жеңиши
2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта биринчи жолу кыргызстандык балбан чемпион болгон. Ал – Айсулуу Тыныбекова. Тыныбекова тарыхта биринчи ирет дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыккан кыргыз кызы жана биринчи жолку кыргызстандык чемпион.
- «Датка-Кемин» долбоору
Мурда энергетикалык шакек Өзбекстан жана Казакстан аркылуу болсо, 2015-жылы “Датка-Кемин” долбоору ишке киргенден баштап, Кыргызстан 10 миллион АКШ долларын коңшу мамлекеттерге төлөбөй, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири болду.
- Валентина Шевченконун жеңиши
UFC уюмунда көрүнүктүү кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченконун чемпиондук кур үчүн беттештеги жеңиши кыргыз спортунда өзгөчө орун алды. Ал быйыл 30 жашта. Кыргызстанда туулуп, Перу өлкөсүндө машыгып жүрөт. Беттештерде жалаң гана жеңишке жетип, эки өлкөнүн байрагын желбиретип жүрөт.
- Гиннеске катталган улуттук тамак
2018-жылдын 11-мартында 1 тонна бешбармак жасалып, 117 метр чучук бышырылган. Дал ушул бешбермак менен чучук Гиннес рекорддор китебине кирген.
- Гиннеске кирген Мамбет Мамакеев
Хирург Мамбет Мамакеев быйыл 29-февралда Гиннес рекорддор китебине практика жүзүндө эң узак операция кылган хирург катары киргизилди. Ал өмүрүндө 67 жыл 181 күн деп катталган. Мамакеев буга чейин 15 миңден ашуун оор операцияларды жасап, бүгүнкү күнү дагы жумушун улантып жатат.
- 64 күндө дүйнөнү учак менен кыдырган Союзбек Салиев
Борбор Азиядан биринчи ирет жер жүзүн 64 күндө айланып келген кыргызстандык Союзбек Салиев. Ал өзүнүн турак үйүн жана автоунаасын сатып, бир моторлуу самолет алган. Ошону менен латвиялык досу Йонас Жукнус менен жер шарын бир айланган.
- ЕАЭСке кирүү
Кыргызстан коңшу мамлекет Казакстан, Орусия, Белоруссия жана Армения менен биргеликте экономикалык биримдикке кирген. Бул долбоордун башкы максаты соодагерлерге эркиндик түзүү, алардын эркин соода-сатык кылуусун ккамсыздоо болуп саналат.
- Шайлоодо электрондук эсептөө урналардын колдонулушу
Тарыхта алгачкы ирет шайлоо системасы 2015-жылы санариптештирилди. Анда шайлоочу бюллетенин урнага салганда автоматтык түрдө урна өзү кимге добуш бергенин эсептеп алат.
- Атай Өмүрзаковдун ийгиликтери
Кыргыз маданиятында дагы бир өзгөчө таланты менен дүйнө жүзүн таң калтырган – Атай Өмүрзаков. Ал алгач жеке өзүнүн бийлери менен ар кандай сынактарды жеңип, кийин “Тумар КР” бийчилер тобун түзүп, эл аралык сынактарга катышып, байгелерди багындырган. Алардын талантына көптөгөн калыстар таң калуу менен баа берип, көздөрүнө жаш алышат.
- Парламенттик башкаруу
2010-жылдын 27-июнунда Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анда президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүү башкы маселе катары каралган. Ошондон кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөн.
- Кыргыздар тарыхынын “тереңдеши”
2019-жылы апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барып, кытайлардын эң белгилүү тарыхчысы Ю.Тайшандан кубанычтуу кабар укту. Анда кытай тарыхчылары өздөрүнүн иликтөөсүндө биздин заманга чейин 10-кылымга тиешелүү болгон жазууларды тапкан. Анда “кыргыздар ат таптаган жоокер эл” деген маанидеги сүрөттөөлөр жазылган. Бул кыргыз коомчулугуна кубанычтуу кабар болду.
- Коопсуз шаар
Кыргызстанда чоң долбоорлордун дагы бири – “Коопсуз шаар” долбоору. Ал 2019-жылдын 12-февралында ишке кирген. Максаты — эреже бузган айдоочуларды камерага тартып калуу менен айып пул салып, жол эрежесинин кынтыксыз аткарылышына көнүктүрүү.
- CASA-1000
Энергетика тармагында ири долбоор. Бул аркылуу Кыргызстан Пакистанга, Афганистанга жана Тажикстанга электр энергиясын экспорттой алат. Азыркы учурда аталган долбоордун курулуш иштери жүрүп жатат.
- “Түндүк-Түштүк” жолу
2014-жылдын 2-майында ири долбоорлордун дагы бири түндүк-түштүк альтернативдүү жолу ишке ашырылып баштаган. Бул долбоорду кытайлык компания аткарууда. Бүгүнкү күнү иш жүрүп жатат. Жалал-Абад – Балыкчы жолу 433 км узактыкты түзөт. Жалал-Абад – Бишкек – Балыкчы жолуна караганда 330 километрге кыска.
- 31-августта электробус чыгарган “Кыргыз унаа заводу”
Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон берки убакта биринчи ирет ири завод ишке кирди. Ал завод Ош шаарында курулуп, андан электробустар жана унаалар чыгат.