Биз менен байланышыңыз

Москвада Аскар Акаевдин тун уулу каза болду

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 6672 | 1

Кечээ, 5-февралда Москвада Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев кокустан көз жумду. Бул тууралуу үй-бүлөсүнүн жакындарына таянып, 24.kg сайты жазды.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү токтоп калган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга жетишпей калышкан.

Айдар Акаев Москвада жеке ишкерлик менен алектенип келген.

Эске салсак, Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта элдик революциядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Тунгуч президенттин Бермет, Айдар, Саадат жана Илим аттуу уул-кыздары бар.

Copyright © 2017 Maral FM