Биз менен байланышыңыз

«Насирдин Исанов тирүү калганда «Кумтөрдүн» тагдыры башкача чечилмек»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2020 | 9300 | 0

Насирдин Исанов мыкты адис, профессионал, Исхак Раззаковдой мекенчил кадр эле. Аны премьер-министрлик кызматка ошол кездеги президент Аскар Акаев кызматка өзү койду. Мындай эскерүүнү “легендарлуу парламенттин” депутаты Жамин Акималиев “Марал” радиосу маек берип жатып айтты.

-Исанов аябай жумшак киши болчу. Бирок сүйлөшө келгенде оюн эч кимге берчү эмес.  “Орустар оюн эч кимге бербейт” деп айтып коет го. Ошондой орус кыял киши эле. Билими терең инженер катары Кумтөрдүн баарын изилдеп чыгыптыр. Аны аябай кыйнашып, ар кандай жыйналыштарга, чет өлкөдөгү жолугушууларга чейин алып барып жүрүштү. Бирок каршы чыгып, анысын айта албай жүргөн, кантсе да маданияттуу киши да. Аны Акаев кызматка алып келгени үчүн каршы чыга албай жүрдү. Ошол маалда Бирштейн Кыргызстанга келгенде мен күбө болуп калдым. Ак үйдүн 7-кабатынан чыкпай жүрүп, бул иштин баарын уюштурган ошол болгон экен.

Акималиев Насирдин Исановдун жол кырсыгынан каза болгону тууралуу да оюн айтты.

-Ошол жыйынга премьер-министр эмес, орун басарлары да барса болмок экен, негизи. Аны кысташып «Өзүңүз барбасаңыз болбойт» деп алып жөнөшкөн экен. Менин таң калганым, ошончо унаадагы адамдын баары аман калып, бир эле анын (ред: Насирдин Исановдун) жок болуп кеткени. Бирок аны изилдеген эч ким болгон жок. Туугандары, коомчулук да ишенип калганбыз. Анын үстүнө Акаев да «Менин сүйгөн кишим кетип калды» деп, анын жакындарына жардам кылып, ысымын ыйгарып жүрдү. Менин оюмча, бул жерде саясий сыр жатат.

Эгерде ошол кезде Насирдин Исанов тирүү калганда, ар кандай кысым көрсөтүлгөнүнө карабай бир күнү агынан жарылмак, дейт Жамин Акималиев. Ошондо кырдаал тескери бурулуп, Акаев экөөсүнүн ортосунда пикир келишпестик чыкмагын, Кумтөрдү токтотуп калууга болмоктугун болжоду.

-Ал ошого жете албай калды. Көктүгү укмуштай болчу, күлүп жүрчү, ыр жазчу, ырдачу. Бирок ары жагында принциптери күчтүү эле. Ошого ал тирүү калганда, Кумтөр чечилсе да башкача нукта чечилет эле. Шашпай, элдин пайдасына болуп, азыр өлкөбүз байып, жыргамак деп ойлойм.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда Ош-Жалал-Абад жолундагы кырсыктан каза болгон. Ал бара жаткан “Волга” унаасын ЗИЛ-130 сүзгөн. Өкмөттүк унааны башкарып бара жаткан айдоочу жана ишкер Борис Бирштейн жеңил жаракат алып, Исанов эсине келбей, ошол бойдон көз жумганы айтылат. Исановдун өлүмү тууралуу ар кандай пикирлер айтылып, Кумтөр кенин иштетүүгө каршы болуп келгени үчүн аны “тынчытуу” аракети болуп, атайын уюштурулган өлүм деп баалагандар да бар.

Copyright © 2017 Maral FM