Биз менен байланышыңыз

«Илимди өнүктүрүүгө бюрократия тоскоолдук кылууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2020 | 609 | 0

Илимди өнүктүрүү үчүн мамлекет көңүл бурууну күчөтүп, бөлүнүүчү каражаттын көлөмүн көбөйтүп, жаштарды тартуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп, илимий жаңы ачылыштар камсыздалышы шарт. Мындай пикирин «Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал илимпоздордун айлык акылары төмөн экенине тынчсызданды.

«Мурда маянадан тышкары илимий иштерди жүргүзүүгө кошумча каражат бөлүнчү. Учурда мындай колдоонун жоктугунан илим аксап турат. Ушундай кыйын шартта да айрым илимпоздор мыкты иштеп, өздөрүн көрсөтүп жатышат. Демек, маселени комплекстүү түрдө чечишибиз керек», — деди Акималиев.

Анын айтымында, өлкөдө илим тармагын өнүктүрүүгө бюрократия тоскоолдук кылып келет. Тилекке каршы, бюрократия коррупция сыяктуу түбөлүк жашайт өңдөнөт.

Илимпоздор иштеринин жыйынтыгын экономика, өндүрүшкө киргизе албай жаткан учурлар болууда.

Copyright © 2017 Maral FM