Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Азыр кыйкыргандардын заманы болуп калды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2020 | 1279 | 0

Азыркы тапта өлкөдө кыйкыргандардын заманы болуп калды. Илим-билим экинчи планда, артта калып калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, академик Сабырбек Жумабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, дүйнөдө экономиканы илим менен билим көтөрөт. Ал эми Кыргызстанда бул нерсе каралбай калган. Алсак, Тажикстанда илимге ИДӨнүн 0.7 %ы каралган. Орусия ИДӨсүнүн 1 %ын илимге бөлөт, Кыргызстанда бул көрсөткүч 0.07 %ды түзөт. Бул илимге болгон мамиленин деңгээлинен кабар берет.

Илими жок өлкө өнүгө албайт. Андыктан илим-билимге өзгөчө көңүл буруу кажет. Илимий дипломатияны өнүктүрүү зарыл.

«Биздин илимий борбор акыркы 15 жылда 100дөн ашык жаңы нерселерди ойлоп таап, 90 %ын өндүрүшкө киргиздик. Алар чет мамлекеттерде да иштеп жатат. Биздин тармак мамлекет колдобосо да, өз аракетибиз менен илимге салымыбызды кошуп жатабыз», — деди Жумабеков.

Copyright © 2017 Maral FM