Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Мамлекет илимге өгөй баласындай мамиле кылат

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2020 | 692 | 0

Мамлекет илимге өгөй баласындай мамиле кылат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, академик Сабырбек Жумабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн илимдер академиясынын президентин жылына 4 жолу кабыл алат. Путин жыл сайын бир-эки жолу академияга барып кабар алат. Мындан сырткары академиктердин пикирин, сунуштарын угат. Жаш окумуштуулардын конференциясына Путин өзү төрагалык кылып, сыйлыктарды өзү тапшырат.

«Ал эми бизде мамлекттик сыйлыктарды да президент тапшырбайт, илимпоздорду жерип жатат. Мына ушул мамиледен башталат. Алгач бизге болгон мамиле түз болсо, илим алдыга жылат. Экинчиден, каржылоо керек. Ошондо дүйнөгө кызмат кылган илимпоздор чыгат», — деди Жумабеков.

Ал мамлекет илимге жаш баланы барктагандай бапестеп караса, келечекте үзүрүн берерин кошумалады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM