Биз менен байланышыңыз

Ырчы Малик Аликеевге хирург Жумабеков операция жасайт

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 1277 | 0

Белгилүү ырчы Малик Аликеевди Таластагы жашап жаткан үйүнөн Маданият министрлиги алып келип, Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүнө жайгаштырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, ооруканада жаткан белгилүү ырчы Малик Аликеевден Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Президенттик Аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев ооруканага барып кабар алып, Президенттин атынан материалдык жардам тапшырды. 

Алдын ала маалымат боюнча Малик Аликеевге операцияны белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков жасай турганы күтүлүүдө. Аликеевге буга чейин кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жерине (эки жагына тең) операция жасалган болчу. Бүгүнкү күндө операцияга даярдык көрүү иш- аракеттери жүрүп жатат.

Аликеевдин учурдагы ден- соолугу жана анын чыгармачылыгы эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө болот.

Буга чейин Малик Аликеев Таласта болгондугуна байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ырчы менен 2-июнь күнү видео байланыш аркылуу баарлашып, министрлик тарабынан жардам бере тургандыгын маалымдаган.

Жаманкулов: Малик Аликеевдин операциясына жардам берип, сыйлыкка сунуштайбыз

Copyright © 2017 Maral FM