Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан илимдин аркасы менен өнүккөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2020 | 494 | 0

Коомчулукка илимдин маанилүүлүгүн курулай сөз менен жеткире албайбыз, ишибиз менен үлгү болушубуз керек. Мындай пикирин «Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн кылымдын 80-90-жылдарында мамлекет илимден каражат аяган эмес. СССР үчүн илимди пайдалануу чоң бизнес болгон. Кыргызстан илимдин арты менен гүлдөп-өсүп, алдыга кетти.

«Ал убакта илимпоздордун айлыгы министрлердин жана алардын орун басарларынын маянасынын деңгээлинде болчу. Маселен, өкмөттүн башчысы 600 рубль, ал эми Илимдер академиясынын президенти 1200 рубль алчу. Ошондуктан илимпоздор көйгөйсүз иштечү. СССР убагында Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырган локомотив илимпоздор болгон. Ал учурга кайтуу үчүн каражат керек», — деди Акималиев.

Ал белгилегендей, азыркы тапта илимий кызматкерлердин маянасы орточо айлык акыдан 2 эсе төмөн.

Copyright © 2017 Maral FM