Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда окуучулар үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 1007 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте 10-февралдан 14-февралга чейин мектеп окуучулары үчүн илим, республикалык техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жумалыктын максаты — балдардын аң-сезимин кеңейтип тим болбостон, аларды табигый-математикалык дисциплиналарды жана техникалык багыттагы кесиптерди өздөштүрүүсүнө, аталган багыттарга кызыктыруу болуп саналат.

Иш чаранын салтанаттуу ачылышы Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде өтөт. Бир апта бою окуучулар үчүн Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуулар, “Технопаркка” жана илимий-изилдөөчүлүк институттарга экскурсиялар, Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун, И.Раззаков атындагы КМТУнун, ОшТУ, ОшМУ жана башка өлкөбүздүн алдыңкы окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы менен тегерек столдор, дүйнөлүк илим жана техниканын жетишкендиктери жөнүндө лекторийлер, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун конкурстары, интеллектуалдык оюндар жана викториналар болот.

12-февралда бүтүндөй өлкө боюнча өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга окуучуларды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн экскурсиялар өткөрүлөт. Ал эми  аймактардагы балдар өз облусундагы ишканаларга барышат.

Жумалыктын жаркын окуясынын бири болуп  “Илим+Ойлоп табуу=Техника” Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы эсептелет. Ал 12- 13-февралда Улуттук илимдер академиясынын Диссертациялар залында өтөт. Ага Кыргызстандын бардык облустарынан 20 команда катышат.

Жумалыктын жыйынтыгын чыгаруу 14-февралда болот. Анда ИТО жеңүүчүлөрүн сыйлоо, Билим берүү жана илим министрлигинин Өтмө кубогун тапшыруу, БРИТА “Алтын түйүндүн” тарбиялануучуларына “Жаш академик” ардак наамын ыйгаруу жана окуудагы өзгөчө ийгиликтери үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан ыйгаруучунун атындагы стипендия тапшырылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM