Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз интеллигенциясы миссиясын аткара албай жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2020 | 611 | 0

Бүгүнкү күндө кыргыз интеллигенциясы өзүнүн миссиясын аткара албай жатат. Мындай пикирин «Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, акыркы жылдары интеллигенция өкүлдөрүнүн өсүшүнө бийлик тараптан көңүл бурулбай калды. Мурда алар көңүл чордонунда туруп, шарттар түзүлчү.

«Интеллегенциянын айрым өкүлдөрү элдин башына түшкөн кыйынчылыктан сыртта болгон жокпуз. Өзгөчө жаштардын, ЖМК өкүлдөрүнүн татаал суроолоруна жооп берип жаттым. Мурдагы президент кетип, акылдаша албай турган мезгилде өзүбүздүн акыл-насаатыбызды айтып, жардам кылдык. Бирок илгери интеллигенциянын ролу абдан жогору эле, эң негизгиси эл укчу. Алдыда ушул нерсеге кайра келишибиз керек», — деди Акималиев.

Ал мындан сырткары «Легендарлуу парламентке» интеллигенттер чогулуп, татаал маселелерди чечип, эгемендүү Кыргызстандын укуктук, саясий жана социалдык «пайдубалын» түптөгөндөрүн эске салды. Азыр да ушундай деңгээлге жетүү керектигин, бирок учурда интеллигенция ага даяр эместигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM