Жаңы дайындалган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев өткөн жылдагы картошка маселесин эске алып, экспортко көбүрөөк көңүл бура турганын айтты. Буга байланыштуу азыркы тапта 5 кишиден турган атайын экспорт бөлүмү ачылат. Ал үчүн 1-июлда сынак жарыяланып, адистер тандалып алынат. Алар мониторинг жасап, анализдеп, дыйкандарга сунуштарын айтып, баалар боюнча маалымат берип турушат.
— Реформа жүргүзүүгө, буга чейин айтканымдай, системаны 50 % өзгөртүүгө даярмын. Алгачкы пландардын бири — экспорт маселеси. Буга чейин атайын экспорт боюнча бөлүм болгон эмес. Эми түзүлөт. Ал бөлүм мониторинг кылып, анализдеп, каякка жана кайсы багытта экспорттоо оптималдуу экенин анализдешет.
Өткөн жылы канча картошка сатылбай, канча сомдук зыянга учураганы боюнча министрликке дыйкандар расмий кайрылышкан эмес. Бирок бул маселеге кайдыгер эместигин айткан министр быйыл алдын ала прогноз боюнча гана сунуштар берилерин айтат. Жер иштетүү, үрөнчүлүк, органикалык айыл чарбасы бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиев өткөн жылы өзгөчө Ысык-Көлдөгү дыйкандар зыянга учураганын айтып, быйыл аларга жүгөрү, чечевица сыяктуу өсүмдүктөрдү эгүү сунушталганын маалымдады.
— Былтыр картошка боюнча маселе жаралган эле. Ошондуктан, быйыл башкача ыкма менен иштейбиз. Маселен, дыйкандар өстүрүп алган өндүрүмүн кайра кабыл ала турган компаниялар менен алдын ала келишим болот. Үрөнүн берген компаниялар кайра аны сыртка чыгаруу боюнча макулдашышат. Демек, быйыл маселе жаралбайт. Өзгөчө жүгөрү, зыгыр өсүмдүктөрүн эгүүнү сунуштадык.
Анткен менен алдын ала келишим түзүлүп, же атайын экспорт бөлүм негизделип, анализге жараша сунуш берилгени менен, ал бөлүмдүн министрликтин карамагында болуусунан көп майнап чыкпайт дегендер да бар. «Жашылчарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев жаңы кадамдарды таштап жатканда, акчаны аябай, сапатка көңүл бурууга чакырат. Анткени, министрликте 10-15 миң сом айлык алган кишинин жеткиликтүү деңгээлде экспортту анализдей ала турганынан күмөн санайт. «Ошондуктан, жыйынтык болуш үчүн анализдөө жагын жеке секторго бериш керек эле», — дейт.
— Кайсы бир бөлүмдү түзүп жатканда, ага кандай адистер келерине да көңүл буруу керек. Алар кандай анализ жасашат? Анткени, анализдин туура эмес болуп калуусу бардык планды жокко чыгарат. Тилекке каршы, 10-15 миң сом айлыкка күчтүү аналитиктер келип иштеп бербейт. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай иштерди мамлекеттик эмес аутсорсинг жасайт. Сырттан жакшы адис, компанияларды жалдап, ошого жараша чечим чыгарылса, жыйынтык болмок деп ойлойм.
Академик Жамин Акималиев болсо, «Бир бөлүм түзүп коюу менен бул маселе чечилбейт», — дейт. Анын пикиринде, ЕАЭБдин алкагындагы экспортко ийгиликтүү кадам таштап жаткан өлкөлөр мурдагы материалдык базаны сактап калып, комплекстүү иш алып барышат. Ал эми Кыргызстандын базасы жок, аны аткаруу кыйын. Анын үстүнө, эски кадрлар менен муну ишке ашырууну ал жомокко салыштырат. Бир бөлүм эмес, керек болсо экспорт үчүн атайын түзүм болушу керектигин белгилейт.
— Экспортту жакшыртуу үчүн атайын комплекстүү иш алып барыш керек. Маселен, ЕАЭБдеги мамлекеттер эмне үчүн алдыда бара жатышат? Анткени, алар мурдагы базаны сактап калып, жыл бою камданышат. Өндүрүмдү сактап коюп, керек болсо кымбаттаган учурда сатышат. Ал эми бизде мурдагы муздаткыч, сактоо деген базалар талкаланып, таланып жок болгон. Коңшу Казакстан, Өзбекстан болсо, аларды сактап калып, керек болсо өнүктүрүп алышты. Ошондой эле, биз азыркы эски кадрлар менен да алдыга жыла албайбыз. Жаңы кадрлар келиш керек. «Жаңы бөлүм түзүп, 5 адам менен алдыга жылабыз», деген — жомок.
Маалыматка ылайык, айыл чарба багытындагы экспорттун көрсөткүчү 2018-жылдын 3 айында 4 млрд 944 млн сомду түзгөн. Быйылкы көрсөткүч 8 млрд 877 млн сомду түзүүдө.