Биз менен байланышыңыз

Турдакун Усубалиев башкарган «алтын доор»

Күн чекит | 6 Ноя 2019 | 275 | 1
Сүрөттө Турдакун Усубалиев менен президент Сооронбай Жээнбеков.

6-ноябрда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленди.

Салтатанаттуу аземге катышкан президент Сооронбай Жээнбеков Усубалиевдин ысымын Бишкектеги Эски аянтка жана борбордогу райондордун бирине берүү туура болорун айтты. Ошондой эле Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды.

Өлкөнү чейрек кылым башкарган лидер Турдакун Усубалиев тууралуу, анын замандашы, «Легендарлуу парламенттин» депутаты болгон, академик Жамин Акималиев менен маек курдук.

Марал: — Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин өзгөчөлүгү, иш билгилиги эмнеде болгон?

Жамин Акималиев: — Турдакун Усубалиев Кыргызстандын эң көрүнүктүү жетекчиси, саясий, мамлекеттик ишмери эле эмес, абдан мыкты адам эле. Анын ушул жагы көп айтылбай калат. Турдакун Усубалиев 25 жыл ичинде Кыргызстандын улуттук кирешесин 3 эсеге көтөрүп, экономиканын бардык тармагын өстүргөн. Андан тышкары, адабият, маданият, искусство, спорт тармактарын бирдей карап, Кыргыз Республикасын 15 союздук өлкөнүн ичинен 3-орунга чыгарган киши. Анын эмгеги тоо көтөргүс.

Ошол эле учурда, Усубалиев мамлекеттик кызматта болуп, сүрдүү көрүнгөнү менен жөнөкөй элге аралашканда тим эле жуурулушуп кетчү. Мен чогуу көп жүрүп калдым, талаага барса, шахтерлорго, пахта теримге же дагы башка иштерди көрүп жүргөн учурда жөнөкөй адамдар менен маектешкенден кубат алчу.

Бул кишинин дагы бир артыкчылыгы – ал облус, райондорго барганда 7-8 күн жүрүп, шаарга эле барып кетпей, алыскы аймактардагы эл менен жолугушчу, ат менен жүргөн күндөрү болчу. Кыскасы, Турдакун Усубалиевдин негизги артыкчылыгы – мыкты адам болчу, кадрларды тандай алган устат киши эле.

Марал: — Бүгүнкү күндө эмнеге андай лидер жок? Маселе эмнеде?

Жамин Акималиев: — Бул жерде Турдакун Усубалиевичтин күнөөсү жок, болгону заман өзгөрүлдү. Усубалиев күүлүү-күчтүү болуп иштеп жатканда кайра куруу саясаты чыгып, Советтер союзун талкалоо планы башталган экен. Ошол доорго бул кишинин иштеген иши туура келбей калды. Мисалы, рынокко өтөбүз, баарын менчиктештиребиз деген саясат башталып, кадрлардын баркы кете баштады. Ага чейин кадрларды тандоо, аларды окутуу, жайгаштыруу маселеси Борбордук Комитеттин көңүлүнүн борборунда болуп келген. Министрлер, чарба, заводдун башчылары ага таянып, натыйжалуу иштегенбиз.

Азыр акчанын, дүйнөнүн заманы болуп калды да, адамдагы мыкты сапаттар эске алынып, баркталбай калды. Бүгүнкү күндө да эл арасында чыныгы инсандар, мыкты таланттар бар, бирок алардын иштешине да шарт керек экен.

Марал: — Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн агрардык тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы да чоң. Анан бүгүнкү күндө Кыргызстан агрардык өлкө дегенибиз менен бул тармак өнүгүп кеткен деле жок, эмне тоскоолдук бар деген ойдосуз?

Жамин Акималиев: — Өлкөнү агрардык жактан өнүктүрүү боюнча да Турдакун Усубалиевичтен үлгү алышыбыз керек. Мисалы, ал Кыргызстанга келгенде Компартиянын биринчи катчысы болгон учурда өлкө экономикасын укмуш деле билчү эмес. Бирок өзү билбеген маселелерди, ошол эле айыл чарба багытында окумуштуулардан, адистерден сурап, билбегенин билип алууга эч качан уялчу эмес. Биз андан сүрдөп турсак да айтып берчүбүз.

Мына 1965-жылы мен 29 жашымда Сокулукта кант кызылчасы боюнча станциянын жетекчиси элем. Бир күнү станцияга Усубалиев келерин айтып калышты, эмнеге десем айтышкан жок. Өзү келип: “жолдош Акималиев, менде 3 саат убакыт бар. Мына мен азыр Чүй облусун кыдырсам бүт эле кант кызылчасы эгилет экен. Мен бул боюнча такыр түшүнүгүм жок, ошондуктан сиз мага сүрдөбөй эле талаага барганда 1-класстын окуучусуна айткандай баарын айтып бериңиз”, — деди. Мен титиреп-калтырап, талаага алып барып, кызылчанын тамырынан тарта жалбырагы, кандай суу ичери, эмне менен азыктанарын баарын айтып бердим. Анан ал менден илимий китептерди сурады. Бир жылдан кийин кант кызылчасы кандай өндүрүлөрүн бизге үйрөтүп калды.

Жалпы айтканда, ал өзү адис эмес болгон бардык тармакты үйрөнүп, тийиштүү адистерден кеңеш алчу. Айыл чарбасына өтө көңүл бөлүп, иштешибизге шарт түзүп берчү. Мисалы, өкмөттүн башчысынан кийинки эле эң көп айлык айыл чарба адистериники болчу.

Марал: — Мына ушундай улуу инсандын, лидердин өлкөнү башкаруудагы тажрыйбасын жайылтуу, билүү, андан үлгү алуу аракеттерин кандай баалайсыз?

Жамин Акималиев: — Биринчи аракет, биздин президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевич менен чогуу депутат болуп иштеп калгандыктан, ал кишинин кандай экенин билет. Ошол себептен да быйыл атайын жарлык кабыл алып, анын 100 жылдык мааракесин белгиледик. Бул Сооронбай Жээнбековдун Усубалиевдин эмгегин баалып, андан үлгү алсам деген аракети.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Усубалиевдин өмүрү, мамлекетти башкаруудагы өзгөчөлүгү тууралуу мектеп окуучуларына, студенттерге да кенен айтып бериш керек. Мисалы, ал киши менен замандаш болгондор аз эле калды. Менден сураса деле кубануу менен айтып берем. Бирок азыркы бийлик өткөн тарыхтан сабак албай, тарыхты баалабай жатпайбы.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    06.11.2019 22:41

    Жамин Акималиевке толук кошулам, бул кишилер азыркы кыргыз мамлекетин туптогон кишилер, Азамат эн сонун кадрлар союз убагында даярдалган.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM