Биз менен байланышыңыз

«Жоогазын ыңкылабына» 15 жыл толду

Без рубрики , Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 785 | 0

“Жоогазын ыңкылабы” аталышы менен тарых барактарында калган 2005-жылдын 24-мартында болуп өткөн март окуясына быйыл 15 жыл толду. 15 жыл илгери дал ушул күндө нааразычылык акцияларына чыккан кыргызстандыктардын күчү менен президент Акаевдин бийлиги оодарылган.

Натыйжада, Аскар Акаев өлкөдөн качууга аргасыз болуп. Орусия федерациясынан саясий башпаанек тапкан. Өлкө башына Курманбек Бакиев келип, ал дагы 2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

2012-жылга чейин 24-март кызыл дата катары белгиленип келген. Бирок кийинчерээк Жогорку Кеңештин токтому менен майрам күн катары белгиленбей калган. 2016-жылдан бери президенттин атайын жарлыгы менен “Эскерүү күнү” деп гана белгиленип келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM