Бүгүн 7-апрелде Апрель окуясына он бир жыл болду. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршылык көрсөтүп, «Ала-Тоо» аянтына көтөрүлүшкө чыккан. Анда элге ок атылып, 90го жакын адам набыт болуп, 100дөн ашууну ар кандай жаракат алган. Акыры Ак үй алынып, Курманбек Бакиев адегенде Бишкектен, андан кийин өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Төңкөрүштөн кийин Роза Отунбаева төрайымдык кылган Убактылуу Өкмөт түзүлүп, өлкөнү турукташтыруу башталган. Апрель окуясынан бийлик менен эл кандай сабак алып, кандай жетишкендиктерге жана өзгөрүүлөргө жетише алды? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык.
2010-жылдын 6-апрелинде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында башталып, кийин Таласта уланган. 7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы болгон эл Бишкектеги «Форум» имаратынын алдына чогулган. Бирок митингди куралданган күч түзүмдөрүнүн көзөмөлгө алуусу, чогулгандарды таратууга болгон аракет элдин нааразычылыгын жаратып, акыры күч органдарынын кызматкерлерин Ак үйдүн имаратына чейин кууп келишкен.
Апрель окуясынын катышуучусу Семетей Талас уулу ал күн дегенде, катарлаш бараткан балдардын окко учуп, көз жумганы эсине түшө турганын айтат.
Ошол кезде электр энергиясынын кымбатташы, «Түндүк электро», «Түштүк электро» ишканаларын жасалма банкрот кылуу менен Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИ аркылуу чоң энергетикалык компанияларды сатуу, уюлдук телефондон ар бир чалууга 60 тыйындан кошумча төлөм алынышы элдин нааразычылыгын күчөткөн. Ошол эле учурда буйрутма өлүмдөр, кылмыштуу топтор күч алып, эл тынч жашай албай калган.
«Апрель окуясы дегенде менден 1-2 метр алыстыкта турган кишилердин өлүп жатканы эсиме келет. Биринчи эле «Форум» тарапта башталган. Мен: «Курал-жарактарды жыйнап коюп, куралы жок жөн эле баралы, курал менен барганда тигилер атышат, бул — жөн эле провакация», — дегем. Анан куралдарды жыйнаганбыз. Бирок кээ бирлери: «Атышса, атышабыз», — деп кетишкен. Мен нааразы болгон нерсе, бүгүнкү күнгө чейин ким атканы табылбай калды. Бирок азыркы күндө бийлик Ош окуясын иликтөөнү карап жатат. Ошол сыяктуу эле 7-апрелде да элди ким аткан болсо, ошолорду табуу керек. Себеби эки окуяда тең жазыксыз эл өлдү. Кимдир бирөөлөрдүн саясатынын курмандыгы болду».
Апрель окуясы бир бийликти кетирип, кайра эле башка бир бийликти алып келүү процесси катары бааланып келет. Эң өкүнүчтүүсү, аталган окуяда эң көп карапайым калк жабыркап, 90го жакын адам окко учкан. Мындай окуялар изилденип, тиешелүү адамдар жазасын албаса, «белгисиз бойдон жабылып калып кете берет» деген түшүнүктү пайда кылат деп эсептейт Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси, жазуучу Чолпонбек Абыкеев.
«Апрель окуясы боюнча элдин ичинде айтылып жүргөн сөздөр көп. Маселен, белгисиз адамдар келип көчөнү бойлото «кола» суусундугун тизип кетишкен, анын ичинде наркотик бар деген сөздөр бар. Анан «Форумдун» жанына бир унаа курал-жаракты алып барып түшүрүп, белгисиз адам качып кеткен, ал бар. Снайперден ок чыгаргандар кимдер? Ушунун баары изилденип, такталашы керек. Качан изилденип, күнөөлүүлөр жазасын алса, анан мындай окуялар болбой турганга жол ачылат».
Бардык көтөрүлүштөрдүн башаты бийликке болгон нааразычылык, адилетсиздик жана чечилбеген социалдык-экономикалык маселелерге реакция кылуу менен башталып, аягы төңкөрүш бойдон калып жатат. Бир да төңкөрүш максатына жеткен жок дейт Равшан Жээнбеков.
Анын пикиринде, коом өзгөрүүнү каалайт, бирок кандай өзгөрүүнү каалаганын так талап кыла албай жатат.
«Жалпысынан элдик төңкөрүштөр бири-биринен айырмаланбайт. Баарынын башы революция, бирок аягы төңкөрүш бойдон калууда. Себеби бирөөсү да азырынча алдына койгон максатына жете элек. Тилекке каршы, биздин коом жаш баладай өзгөөрүнү каалайт. Бирок, өздөрүнүн эмне каалап жатканын так талап кылбай жатат. Коом так талап кыла албаган болсо, анда бийликке келген адамдар да дал ошондой эле коомдун күзгүсү катарында ошол ишке, саясатка жооп берип жатат. Максатына жетпей калганы ошол. Адамдарды гана алмаштырып жатабыз да, коомдун акыл-эсинин, көңүлүнүн тереңинде жаткан маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашыра алган жокпуз».
Ал эми ошол учурдагы Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басарларынын бири болгон саясатчы Исмаил Исаков 7-апрель окуясы 2005-жылдын март айындагы жана 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан айырмасы абдан чоң деп эсептейт.
Анын айтуусунда, октябрь окуясында шайлоонун жыйынтыгына гана нааразы болуп чыгышса, апрель окуясында Бакиевдин кландык жана тирандык бийлигине каршы көтөрүлгөн.
«Чынын айтканда, Бакиев канчалаган эр-азаматтарыбызды өлтүрдү, журналисттерди Алматы шаарынан имараттан ыргытканга чейин барышты. Тирүүлөй Медет Садыркуловду, Сергей Слепченко жана анын шоопурун өрттөштү. Шаболотовду тирүүлөй көмүштү. Андан башка электр энергиясынын баасын көтөрөбүз дешти. Баласы тоной баштаса, иниси атаман боло баштады. Мына ошол үй-бүлөлүк бийликке каршы чыгышкан. Ал эми октябрдагы окуяда эл болгону шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыкты. Эки окуянын айырмачылыгы ушунда да. Биз ушул окуялардан сабак алышыбыз керек болчу, тилекке каршы, акыркы жасалып жаткан кадамдар сабак албагандай сезилип жатат».
Эске салсак, 7-апрель кечке жуук Бишкекте мародерчулук башталып, борбордогу бир канча соода борборлору таланып-тонолгон. Ал эми Курманбек Бакиев куралдуу сакчыларынын коштоосунда «Манас» аэропорту аркылуу Ошко учуп, кийинчерээк Жалал-Абад облусундагы өзү өскөн Тейит айылына жашынып, андан соң үй-бүлөсү, жакындары менен Беларусиядан башпаанек тапкан.