Биз менен байланышыңыз

Орозова: Парламент президентке көз каранды

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2019 | 529 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова «Марал» радиосуна берген маегинде парламент президент Сооронбай Жээнбековго көз каранды экенин билдирди.

Анын айтымында, көз карандылыктын түрдүү жолдору бар. Президенттин түрдүү саясаты, тапшырмасы болот. Парламент аны  колдоого албаса, ал тапшырмалардын ишке ашуусу оор.

«Президенттин бардык маселеси палатада каралат. Кээде аны колдобой койгонго мүмкүн болбогон жагдайлар болот. Президенттин таасири бар, ал тастыкталып эле турат. Өкмөттүн отчетун угарда да көрүнүп турду», — дейт Орозова.

Эл өкүлү мындан сырткары, парламентти таркатууга негиз жок экенин айтып, бирок парламенттин аброю төмөн болуп, эл колдоого албай жатканын белгиледи.

Элдин көйгөйү жакшы чечилбей жаткандыктан, калк «парламент таркасын» деген талаптарды коюп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM