Биз менен байланышыңыз

Жыл соңуна чейин 50 орундуу 2 учак алынат

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 792 | 0

Жыл соңуна чейин 50 орундуу 2 кичи учак алынат. Бул боюнча өкмөт тарабынан жакшы иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кичи учактарды жеке менчик компаниялар сатып алат.

«Баткен аэропорту эл аралык болуп эсептелет. Мындан улам Баткен тараптан эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн кичи учактарды койсок болот. Тамчы аэропорту да толугу менен иштеп жатат. Бир гана май куйган комплекси тардык кылууда, аны кайра куруу планы бар. «Ачык асман» мыйзамы ишке кирсе, ички каттамдарга залакасы тиери айтылган. Бирок андай болгон жок. Баары жакшы иштеп жатат. Көп мыйзамдарга долбоор киргизилген, учурда аларды ишке ашыруу аракеттери жасалып жатат», — дейт Акышев.

Ал Кыргызстан эл аралык авиакаттамдардын билет баасына кийлигише албай турганын белгиледи. Ошондой эле, Караколдун учак тилкеси жараксыз абалда болгондуктан, Бишкек-Каракол каттамы токтотулганын кабарлады.

«Бишкек-Ташкент багыты боюнча Өзбекстан тараптан жумасына 3 каттам келет. Ал эми Ташкент-Тамчы багыты боюнча жумасына 2 каттам иштейт. Мындан сырткары, Кыргызстан-Корея багыты боюнча тажик компаниясы Бишкек аркылуу аба каттамын ачууга сунуш берген. Ош-Уфа аба каттамын ачуу боюнча Орусия компанияларына сунуш берилген. Бул маселе боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат», — дейт Акышев.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 аэропорт бар. Анын 6сы ички каттамдарды аткарат. Ал эми 2 аэропорт сертификаты жок иштебей турат.

Copyright © 2017 Maral FM