Биз менен байланышыңыз

Исфана аэропорту качан иштей баштайт?

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Авг 2020 | 638 | 0

Исфана аэропортуна сертификат алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Сертификат алынган соң туруктуу каттамдарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса, Баткен, Исфана, Жалал-Абад жана Караван аэропорттору ички каттамдарды аткарып баштайт.

Белгилей кетсек, өлкөдө пандемияга байланыштуу март айында эл аралык жана ички каттамдар токтотулган. Июндун башында ички каттамдар жанданган. Ал эми эл аралык учуулар качан калыбына келери белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM