Биз менен байланышыңыз

«Эл аралык аба каттамдарын жандантууда эч кандай саясат жок»

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 734 | 0

Эл аралык туруктуу аба каттамдарын жандантууда эч кандай саясат жок. Каттамдарды ачуу боюнча Орусия, Казакстан, БАЭ жана Түркия менен азыр да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кыргызстан чек араларын ачууга даяр. Өнөктөш өлкөлөр даярдыгын билдирсе, туруктуу каттамдар аткарыла баштайт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Орусия 15-августта жооп берет. Алар 3 мамлекет менен каттамдарды жандантты. Экинчи этапта Кыргызстанды да карап жатат. Түркиядан расмий жооп алдык, алар каттамдарды калыбына келтирүүгө макулдугун берди. Кыргызстан Түркия менен туруктуу каттамдарды ачууга даяр. Turkish Airlines, Pegasus авиакомпаниялары даярдыгын билдирди. Ал эми БАЭ менен Казакстан азырынча даярдык тууралуу айта элек», — деди Акышев.

Анын айтымында, эл аралык каттамдарды жандантууда өлкөлөрдүн эпидемиологиялык абалы эске алынат. Пандемиянын кесепетинен улам авиакомпаниялар, аэропорттордун экономикасы төмөндөп кетти. Чартердик каттамдардын саны туруктуу каттамдардын санынан көп болуп кетүүдө.

«Жүк ташуучу каттамдар токтотулган эмес. Мурдагыга караганда 2-3 эсе көбөйгөн. Ошол биздин аэропорттордун экономикасын сактап жатат. Ата мекендик авиакомпаниялар буюртма берилген бардык чартердик каттамдарды аткарып жатат», — дейт Акышев.

 

Copyright © 2017 Maral FM