Биз менен байланышыңыз

Акышев: Чартердик каттамдардын экономикага пайдасы көп

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Авг 2020 | 1008 | 0

Чартердик каттамдардын өлкө экономикасына пайдасы көп. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чартердик ар бир каттамдын төлөмү аэропортторго түшөт, салык төлөнөт. Авиакомпаниялар да чыгымдарын жабат.

Августта чартердик каттамдардын саны 2-3 эсе көбөйтүлдү. Алсак, Орусиянын Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Санк-Петербург шаарларына чартердик каттамдар уюштурулуп жатат.

Орусиянын үч («Аэрофлот», «Урал аба жолдору», «Сибирь», Кыргызстандын («Тезжет», «Авиатрафик») эки авиакомпаниялары жумасына 5-6 чартердик каттамдарды аткарып жатат. Туруктуу каттамдар калыбына келгенге чейин чартердик каттамдар ишин улантат.

«Чет элден Кыргызстанга келүү үчүн жаран элчиликке барып, каттоого турат. Элчилик тизме түзүп, авикомпанияга берет. Авикомпания жеткирет. Биз элчиликтердин ишине кийлигише албайбыз. Туруктуу каттамдар жанданса кезекке туруу жоюлат», — дейт Акышев.

Белгилей кетсек, Түркия менен да чартердик каттамдар көбөйтүлүп, аны Turkish Airlines, Pegasus жана Avia Traffic компаниялары жүргүзөт. Ал эми Бириккен Араб Эмираттарынан Air Arabia жана Fly Dubai компаниялары аркылуу жумасына эки жолу чартердик каттам аткарылат.

Copyright © 2017 Maral FM