Биз менен байланышыңыз

Акышев: «Ачык асмандын» пайдасы иш жүзүндө байкалды

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Авг 2020 | 746 | 0

«Ачык асман» долбоорунун пайдасы иш жүзүндө байкалды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемияга чейин Ирандан Дүйшөмбү аркылуу Кыргызстанга толук кандуу каттам ачылган. Абал турукташса каттам дагы жанданат.

Стамбулдан Кыргызстан аркылуу Монголияга учкан каттамдар бар. Мындан сырткары, Кытайдын 5 шаарына жүк ташыган  каттамдар аткарылууда. Баку шаарынан да Бишкек аркылуу башка мамлекеттерге ачкан учактар учуп жатат.

«Дүйшөмбүдөн биз аркылуу Кытайдын шаарларына, Сеулга сунуш берилген. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясына Дүйшөмбү — Бишкек — Сеул, Дүйшөмбү — Бишкек — Гуанчжоу,  Дүйшөмбү — Тамчы — Пекин багыттарына сунуш берилген. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — дейт Акышев.

Copyright © 2017 Maral FM