Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөгө учарда ПЦР-анализ тапшыруу керекпи?

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Авг 2020 | 997 | 0

ПЦР-анализ алгоритмде чартердик рейстерге да киргизилген. БАЭ ар бир жүргүнчүдөн анализ алган соң Кыргызстанга жөнөтүп жатат. Анализ тапшыруу талабы өлкөлөргө карата өзгөрөт. Ал эми Кыргызстандан барган жарандарды кабыл алган өлкө өз алгоритмине жараша текшерүүдө. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учак аркылуу КРге келген жарандардын дене табы текшерилет. Эгерде илдеттин белгилери байкалып, күмөндүү болсо обсервацияга жаткырылат же үй карантинине жиберилет.

«Чет өлкөлөрдөн келген чартердик учактар менен ошол мамлекеттин жараны кетсе болот, бирок Кыргызстандын жарандары кете албайт. Анткени чек аралар жабык.  Эгерде жарандын жүйөлүү себеби болсо, элчиликке кайрылышы керек. Алар карап чыгып, чартердик каттамга кошуп бериши мүмкүн», — деди Акышев.

Copyright © 2017 Maral FM