Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «Ачык асман» долбоорунда коңшуларга «жеңилдиби»?

Саясат , Экономика | 29 Июл 2020 | 1395 | 0

Дүйнөнү каптаган пандемия башталганга чейин «Ачык асман» долбоорунун алкагында эл аралык авиакомпаниялардан сунуштар келе баштаган. Долбоордун алкагында Кыргызстандын транзит болору күтүлгөн. Бирок, учурда коңшу өлкөлөр да ачык асман долбоорун ишке ашырууга кызыктар болуп, анын үстүндө иштеп жатышат. Биздин кандай артыкчылыгыбыз бар жана атаандаштыкка туруштук бере алабызбы? 

«Ачык асман» долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков «Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга 2019-жылдын 15-январында кол койгон. «Ачык асман» долбоорун ишке ашыруу боюнча көп иштер аткарылып, бүгүнкү күндө дагы көп иштер жүрүп жаткандыгын Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди.

Пандемияга байланыштуу көп өлкөлөр менен аба аркылуу байланыш токтоп, эми гана кайра жандандыруу иштери башталды. Ага чейин абанын бешинчи боштондугу боюнча бир катар чет өлкөлөрдөн сунуштар түшүп, каралып жаткан.

— «Ирандан Душанбе аркылуу каттам ачылып, иштей баштаган убакта абалга жараша токтоп калды. Азыр Түркия тараптан Улан- Баторго чейинки каттамды аткаруу боюнча сунуш келди. Ошондой эле, Орусиянын Екатеринбург шаарынан учуу боюнча «Урал авиакомпаниясынын», Душанбенин авиакаттамдары тарабынан келип түшкөн сунуштар турат» , — деди Акышев.

Курманбек Акышев кошумчалагандай, коңшу өлкөлөрдүн ачык асман долбооруна өтүшү Кыргызстанга эч кандай зыянын деле тийгизбейт. Анткени рыноктук экономика боюнча атаандаштык болуш керек жана бул нормалдуу көрүнүш.

Артта калган кадамдарды тездетсе, «хапка» айланганга кайра мүмкүнчүлүк бар

Абанын бешинчи боштондугу боюнча «Ачык асман» мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн, чоң аэропорт жана чоң өлчөмдөгү инвестия керек. Аталган мыйзамды ишке ашыруу үчүн, башкача айтканда чындыгында ачык асманга айландыруу үчүн Транспорт жана жолдор министрлиги жана аэропорттун жетекчилиги бир топ токтомдорду өзгөртүшү керек болчу. Ошол эле учурда аталган долбоор боюнча Өмөттүн жумушчу тобу түзүлгөн. Бирок эмнегедир чечкиндүү чечимдер кабыл алынган жок. Эми артта калдык деп калып кетпей, батыраак күчтүү команда түзүп, артта калган кадамдарды тездетсе, «хапка» айланганга кайра мүмкүнчүлүк болмок.

Учурда авиация тармагында Казакстан бир кыйла алдыга озуп кеткендигин экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров айтты.

Анын айтымында, Бишкек, Ташкент, Алматы учактардын учуусун километраж менен эсептегенде бирдей эле, бир региондо жайгашкан шаарлардай болуп калат. Эгерде Ташкент менен Алматы күчтүү болсо, анда атаандашууда Бишкекке кыйын болуп калат.

Биринчиден, Казакстан мурун эле бир жаңы аэропорт курган. Экинчиден, жаңы аэропортту Түркиянын «TAV Airports Holding» аттуу туркиялык компанияга «Алматы» аэропортун 415 миллион долларга сатты. Алар дагы канча миллиондогон инвестиция кылып, аэропортту дагы чоңойтууга киришсе, Бишкекке караганда Алматы чоң «хапка» айланганууга алдыда бара жатат.

«Мындан 1-2 жыл мурун хапка айланууга биздин толук мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Ошол эле Түркиянын «TAV» компаниясы бизге деле келип, жеке сектор жана мамлекеттин ортосунда өнөктөштүк менен иштетүүнү сунуш кылган. 25 жылга жакын мөөнөткө алабыз, 400 миллиондон ашык доллар сунуштайбыз деген. Бирок, бул жерде Өкмөт өзүнүн чечкиндүүлүгүн көрсөтө алган жок«, — деди Абакиров.

Мындан сырткары ал, долбоор созулуп кеткендиктен инвесторлор Алматыга кетип калгандыгын кошумчалады.

Аэропортту жеке сектор жана мамлекеттин ортосунда өнөктөштүк менен иштетүү үчүн жеке компанияларга бериш керек болчу

Кыргызстан учурда жалгыз гана географиялык жактан жакшы жайгашуусу жана аэропорттордун инфраструктураларын өнүктүрүү жолу менен гана кирешесин көбөйтүп, атаандаштыкка туруштук бере аларын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу билдирди.

Эл өкүлү билдиргендей, «Ачык асман» долбоорун Жогорку Кеңешке алып чыкканда эле, эки айры ойлор болуп, атамекендик авиакомпаниялар банкрот болот деген каршы пикирлер айтылган.

Жалпы макро экономикалык көз караш менен караганда Кыргызстан авиакомпанияларга мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтө алган жок.»Эйр Астана» компаниясына Казак өкмөттү миллиард доллардан ашык акча берген, «Uzbekistan Airwaysге» мамлекети 20дан ашык «боингди» сатып берип жаңылаган. Ошентип коңшу өлкөлөр дүйнөлүк рынокко чыгып, озуп кетишкен.

— «Биз жалгыз гана географиялык жайгашуубуз жана аэропортторубуздун инфраструктураларын өзгөртүү менен гана кирешебизди көбөйтө алабыз. Аэропортубуз чоң компанияга айланса, анан алар жергиликтүү каттамдарга учактарды сатып алат деп мыйзам долбоорун кабыл алып, колдоо көрсөттүк. Бирок, кабыл алган мыйзамды өкмөт кечеңдетти. Өкмөттүн чабалдыгынан коңшуларыбыздан калып кеттик» , — деди Жунус уулу.

Жунус уулу кошумчалагандай, бүгүнкү күндө АКШ менен Кытай экономикалык чоң таймаштарга чыгып жатат. Буга Кыргызстандын географиялык жактан жакшы жайгашуусу авиакомпания тармагын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Ошко жаңы аэропорт салууга Кытай инвесторлорунун кызыкчылыгы болгон. Алар куруп, 15 жыл иштетип, жеке сектор жана мамлекеттин ортосунда өнөктөштүктү сунуш кылган. Ушул сыяктуу аэропортторду убактылуу жеке өнөктүк менен биргеликте иштетүүгө, башкача айтканда аскердик базаларга эмес, экономикалык иштетүүлөргө бериш керек.

Бишкектеги аэропорт эл аралык стандарттын талаптарына толук жооп берип, учак токточу аянты 60 учакка ылайыкталган. Өлкөдө пандемияга байланыштуу март айынан бери эл аралык каттамдар токтотулган. Андан бери Кыргызстандын чет жактарда жүргөн жарандарын мекенге кайтаруу алкагында чартердик каттамдар уюштурулуп келди. Учурда төрт өлкөнүн: Орусия, Түркия, Казакстан жана Араб Эмираттарынын авиациялык бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 1-августтан баштап аталган өлкөлөргө этап-этабы менен каттамдарды жандандыруу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM