Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Парламенттин мөөнөтүн 3-4 жылга түшүрүү планы бар

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Июн 2019 | 632 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде башкаруу формасын референдум аркылуу эл тандоосу зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, башкаруу формасын эл тандаса, бийлик нааразы болбойт. Ал элдин жоопкерчилигине коюлат. Тийиштүү мыйзам парламентик шайлоого чейин кабыл алынып, Кыргызстан 2024-жылдын 1-январынан тарта жаңы Конституция менен иштеп кетсе жакшы болот.

Учурда калк арасында башкаруу формасы тууралуу түшүнүк жок болгондуктан, парламенттик-президенттик башкаруу болсо да, эл көйгөйлөрү боюнча өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылат. Бүгүнкү күндө жоопкерчилик жок. Өкмөт жоопкерчилик алганын айта албай жатат. Парламентте комиттеттер өз багыты боюнча жоопкерчилик алышы керек.

«Өкмөт башчы же президент жоопкерчилик ала турган мезгил келди. Депутаттардын санын кыскартсак, анда президенттик башкарууга өтөлү. Эгерде парламенттик башкарууга өтө турган болсок, ЖКга 120-150 депутат келиши ыктымал. Бирок 35и гана  айлык алат. Мыйзам долбоорун иштеп бүттүк. Эми эл өкүлдөрүнө берип, дүйшөмбү күнү коомдук талкууга коёбуз. Президент, өкмөт, саясатчылардын, коомдук ишмерлердин да оюн угабыз. Бул маселе бат өтсө, менин жеңишим болот. Бирок андай болбойт, көп иш-чаралар бар. Партиянын лидери өкмөттүн башчысы болот», — дейт Төрөбаев.

Эл өкүлү парламенттик башкарууну колдойт. Бирок өлкөдө саясий маданият төмөн экенин белгилейт.

«Мен жазган мыйзамда парламентке шайлоодо 3-5% балл алган партиялардын да өкүлү кирсин деген ойдобуз. Канча көп адам болсо, ошончо көп кыймыл болот, жаңы жүздөр алмашып турат. Күзүндө бул мыйзамды кайра киргизебиз. Эгерде босого упай 9% бойдон калса, парламенттик башкаруу болбойт. Мындай болсо башкаруу системасын президенттикке өзгөртүп коюу зарыл», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM