Биз менен байланышыңыз

«Депутаттардын катасы парламенттик системанын кемчилиги эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Янв 2021 | 1433 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары кетирген катачылыктар парламенттик системанын кемчиликтери эмес. Күч органдары президенттин колунда турганда парламент эркин иштей албайт. Мындай пикирин парламенттик башкарууну жактаган топтун мүчөсү Перизат Саитбурхан «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентте 5-10 депутат элдин кызыкчылыгын коргоп келсе, президенттердин бирөө да калкты ойлогон эмес.

Тилкекке каршы, курч, бийликке каршы тура алган бир да саясий партия болгон жок. Алар Ак үйдүн 7-кабатынын батасын алмайынча, шайлоого катыша албайт.

«Депутаттар жакшы иштебей, чабал өкмөт дайындалып, элдин экономикалык абалы түшө баштады. Эл өкүлдөрү мындан пайдаланып, добуш сатып ала баштады жана бул айлампа уланып кетти. Ушул себептерден улам парламенттин сапаты төмөн болуп калды», — дейт Саитбурхан.

Copyright © 2017 Maral FM