Биз менен байланышыңыз

«Парламенттик башкаруу кадр маселесинде өзүн актай алган жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 785 | 0

Парламенттик башкаруу кадр маселесинде өзүн актай алган жок. Мындай пикирин Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттик башкарууда өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш тактап, министрликтерге же билими, же кесиби дал келбеген, тажрыйбасы жетишсиз, чуулгандуу иштерге аралашкан адамдар келип калган учурлар көп кездешти.

Экинчиден, партиянын өкүлү министр болуп калса, орун басарынан тарта облус, райондук деңгээлге чейин партиянын адамдарын кызматка дайындап жүрдү.

Үчүнчүдөн, туруксуздук пайда болгон. Тилекке каршы, парламенттик башкаруу өзүн-өзү толук актай алган жок. Өкмөттүн кемчиликтери үчүн парламенттеги бир да коалиция жооп берген жок. Ал эми президенттик башкарууда өлкө башчы Садыр Жапаров бардык жоопкерчиликти мойнуна алат.

Copyright © 2017 Maral FM