Биз менен байланышыңыз

«Акимдердин, орун басарларынын кызмат ордуна сынак жарыяланды»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2021 | 734 | 1

Акимдердин, алардын орун басарларынын кызмат ордуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сынак III этаптан турат жана документтер бүгүн, 1-марттан тарта кабыл алынат. Алгач документтер Кадр кызматынын комиссиясына тапшырылат. Андан соң талапкерлер билим деңгээлин текшерүү үчүн тестирлөөдөн жана жеке сапаттарын аныктоо боюнча сынактан өтөт. Тагыраагы, жетекчи катары кандай чечим кабыл алары, түрдүү кырдаалдарда кандай реакция кылары каралат.

III этапта комиссия ар бир катышуучу менен аңгемелешет. Андан ары резервге киргизилип, акимдин жана анын орун басарынын кызматына дайындоо маселеси талкууланат.

«Чет өлкөдө жашаган мекендештер да конкурста каралган талаптарга жооп берсе, башкача айтканда, билимдүү, кесипкөй, иш тажрыйбасы бар, коррупцияга аралашпаган таза адам болсо, сынакка катышууга укугу бар», — дейт Маматалиев.

Маалыматка ылайык, сынак республикалык, облустук, райондук бийликте иштеп жаткан жетекчилердин ишмердүүлүгүнө баа берүү жана кызматка сынактык негизде гана дайындоонун алкагында жарыяланган.

1 пикир

1 пикир

  1. Исаев.Эсенжан

    01.03.2021 12:30

    Талапкерлердин,жаш өзгөчөлүгү эске алынышы керек.мыйзам чегинде канча жаштан канча жашка чейинки талапкерлер конкурска катыша алат?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM