Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Кыргызстанда кадр жетиштүү

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 762 | 1

Кыргызстанда кадрлар жетиштүү. Көптөгөн билимдүү, тажрыйбалуу, демилгелүү жаштар бар. Мындай пикирин Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыкты кадрлар мамлекеттик, муниципалдык кызматтан четте калган. Мындай көйгөйлөрдү жоюуда президент Садыр Жапаровдун кадр тандоо боюнча жарлыгы жардам берет. Жарлыкта каралган багыттар ишке ашат. Ал үчүн учурда бир топ мыйзамдар даярдалып, буга чейинки токтомдорду, жоболорду өзгөртүү каралууда.

«Президенттин кадр тандоо боюнча жарлыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кесипкөйлүк, моралдык адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде алынары так көрсөтүлгөн. Ошондой эле кандайдыр бир кемчиликтер менен жумуштан алынып, кадыр-баркын түшүрүп, коррупциялык иштерге аралашкан кадрларды кызматка дайындоого тыюу салынат», — дейт Маматалиев.

Кадр тандоо боюнча Жарлык: Адеп-ахлакка көңүл бурулат

Copyright © 2017 Maral FM