Биз менен байланышыңыз

Кадр тандоо боюнча Жарлык: Адеп-ахлакка көңүл бурулат

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 4900 | 1

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Анын максаты — мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды, жаштарды тартуу, алардын моралдык-адеп-ахлактык сапаттарын жакшыртуу, мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтууну көздөйт.

Документке ылайык:

— мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кадр тандоодо алардын кесипкөй жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарына көңүл бурулат;

—  кадр тандоодо жыныстык, улуттук, тилдик белгиси, ошондой эле майыптык белгиси боюнча чектөөлөргө жол берилбеши керек;

— адамдык потенциалга аяр мамиле жасоо, келечеги бар жаштарды кызматка кабыл алуу тартиби сакталышы керек;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадыр-баркын түшүрүп алган, мурда коррупциялык кылмыштарга аралашкан адамдарды дайындоого тыюу салынат;

— кадрларды конкурс менен тандоо схемасын өркүндөтүү;

—  туруктуу негизде кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;

— кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу каралган.

Жарлык тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтемеден окуй аласыз.

1 пикир

1 пикир

  1. шамил

    01.02.2021 14:30

    эң сонун болмок!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM