Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Анын максаты — мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды, жаштарды тартуу, алардын моралдык-адеп-ахлактык сапаттарын жакшыртуу, мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтууну көздөйт.
Документке ылайык:
— мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кадр тандоодо алардын кесипкөй жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарына көңүл бурулат;
— кадр тандоодо жыныстык, улуттук, тилдик белгиси, ошондой эле майыптык белгиси боюнча чектөөлөргө жол берилбеши керек;
— адамдык потенциалга аяр мамиле жасоо, келечеги бар жаштарды кызматка кабыл алуу тартиби сакталышы керек;
— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадыр-баркын түшүрүп алган, мурда коррупциялык кылмыштарга аралашкан адамдарды дайындоого тыюу салынат;
— кадрларды конкурс менен тандоо схемасын өркүндөтүү;
— туруктуу негизде кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
— кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу каралган.
Жарлык тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтемеден окуй аласыз.
1 пикир