Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Жыйындардан жыйынтык жок

Коом | 9 Сен 2019 | 1112 | 0

Кыргыз-тажик чек ара маселесинде өкмөт алсыздыгын көрсөтүп жатат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.

Ал маселеге президент өзү кийлигишип, өкмөткө тапшырма берсе да, аткарылбай жатканына нааразы. Ошондой эле буга чейинки жолугушууларды эске салып, бирок эч кандай тыянак жогун сындады.

— Буга чейин тарыхыбызда биринчи жолу чек ара маселеси боюнча президенттердин жолугушуусу болгон. Курчуп турган кырдаалды жөнгө салуу максатында сүйлөшүүлөр эки өлкөдө тең жүргөн болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө демаркация жана делимитация иштери боюнча тапшырмаларды берген. Мына аталган жолугушуунун өткөнүнө бир айдан ашты. Бирок эч кандай иштөө процессин көрбөй элемин. Мен өткөндө Лейлекке барып келдим, эл менен жолуктум. Эл нааразы болду. Ал жакта күн сайын ызы-чуу катталып жатат. Андан баарынын эле кабары бар. Социалдык тармактарда деле маселелер айтылып, жазылып жатат го? Бирок өкмөт эч кандай реакция кылбай жатканы таң калтырса, бир четинен өкүндүрөт.

Бул пикирди мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев да колдоп, өкмөт  жакын арада чек ара иштери боюнча жыйынтык чыгаруусу керек деп эсептейт. Эки тараптуу жолугушуулар байма-бай жүрүп, жер маселеси дыкат каралышы керектигин белгиледи.

— Эки президенттин жолугушуусу чек ара маселесин түп-орду менен чечип салды дегенден алысмын. Бул пикирди убагында да айткам. Анткени, Делимитациялоо жана демаркациялоо комитети бүгүнкү күндө чек ара маселесинде алсыздыгын көрсөтүп жатат. Жолугушуулар көп болуп турганы жакшы. Кийинки мезгилде мындай кадамдар да сейрек катталып калган. Байма-бай сүйлөшүүлөрдүн негизинде жер маселесин чечип берип, ымалага келсе, карапайым калк кыйналбайт эле да.

А. Маматалиев: Чек ара маселесинде өкмөт алсыздыгын көрсөтүп коюп жатат

Ал эми тажиктер менен чек ара чырлары көп чыккан Баткен районунун Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев учурда кыргыз-тажик чек арасында соода-сатык алакасы токтоп калганын айтты. Бирок эки тарапта эч кандай чыр-чатак каттала электигин кошумчалады.

— Азыр Ак-Сай айылында абал тынч. Бирок өткөндө тажик туугандарды кызматташууга, жолугушууга чакырдык эле. Бирөө да келбей койду. Эл аралык соода-сатыктар түп-орду менен токтоп, маршруттук таксилер каттабай жатат. Алар эмнеге мындай кадамга барып жаткандарын билбейм .

Ушул жылдын 7-сентябрында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган делегация Тажикстандын Согди облусуна барган. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, барган делегация Тажикстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, андан соң Мадумаров менен Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода эки тараптуу кызматташуу жана кошуналык мамилелерди чыңдоо жаатында сүйлөшүү жүргүзгөн.

— Тажикстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган делегация Тажикстандын Согди облусуна барып келишти. Алар атайын майрамдык иш-чарага катышып, андан соң расмий сүйлөшүүлөр жүрдү. Учурда чек арада абал туруктуу.

Эске салсак, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапарга барган. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланган. Президент чек ара маселелерин чечүү боюнча өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген.

Чек ара: Президенттердин жолугушуусу элге үмүт берди

Copyright © 2017 Maral FM