Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Президенттердин жолугушуусу элге үмүт берди

Коом | 26 Июл 2019 | 841 | 0

«Кандай гана жагдай болбосун, биздин жер башкага берилбейт», — деген президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 26-июлда чек арага чеп болгон Ак-Сай элинен   кабар алды.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин маалымдады. Ошондой эле, ал чек арага жакын айылдардын аймагында күч түзүмдөрүнүн жана тартип сакчыларынын саны бир кыйла көбөйтүлгөнүн белгиледи.

— Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндөгү силер менен болгон жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат. Сиздердин коопсуздугуңуздар жана өлкөнүн кызыкчылыктары биринчи планда болот.

Элеттиктердин көйгөйүн угуп, бир катар убадаларды берген президентке эл ыраазы. Мындай пикирди Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев билдирди.

Анын айтымында, эл өзгөчө чек ара маселесин чечип берүүнү жана коопсуздукту камсыздоону өтүнгөн.

— Урматтуу президентибиз келип, эл менен жолукту. Элдин көйгөйүн толук укту. Эл өзгөчө чек ара жана коопсуздук маселеси боюнча көйгөйлөрүн айтты. Президент: «Бул айтылгандардын баары чечилет», — деген убадасын берди. Өзгөчө Ак-Сай — Тамдык жолун курууда тажиктерге коридор берилет деген ушакка чекит койгон сөзү элдин маанайын көтөрдү. Сооронбай Жээнбеков тажик тарапка эч кандай коридор берилбесин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мындан ары себепсиз чыр чыгаргандар жоопко тартыларын эскерткенин жергиликтүү тургун айтып берди. Анын баамында, эл койгон суроолоруна толук жооп ала алды.

— Президент келип кетти. Кечээки окуялар боюнча суроо-жооптор болду. Бири-бирибизди кечирмей болдук. Элдин көп талаптары ишке ашарына ишендирип, айтканыбыздын баары аткарыларына сөз берди. Коридор жөнүндө айтылган ушактарды четке какты. «Андай маселе каралбайт, анклав анклав бойдон калат», — деди. Бул айткандары бизди сүйүндүрдү. Мындан ары тополоң салбоону, маселе жаралса, чек ара кызматкерлери бар экенин эскертти.

Эл менен болгон жолугушуудан соң президенттин кыска мөөнөттүү иш сапары Тажикстандын Исфара шаарында уланды. Мамлекет башчысын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чектешкен аймагынан тосуп алды.

Мамлекет башчылары андан ары расмий сүйлөшүү үчүн Тажикстандын Исфара шаарына жөнөп кетишти. Алар жеке жана жалпы отурумда эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушууну тарыхый жолугушуу катары баалай турганын айтып, эки өлкөнүн элин салтка айланган достук, ынак кошуналык, тарыхый жана маданий жалпылыктар бириктирип турарын белгиледи.

— Кыргызстан жана Тажикстандын боордош эли илгертен эле тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген, бүгүн да жашап жатат. Тилекке каршы, биздин чек арабызда жаңжал болду. Биз анын себептерин калыс изилдеп чыгып, мындай окуяны экинчи болтурбоо үчүн ачык-айкын чараларды көрүшүбүз керек. Биз биргелешкен аракеттер менен чек араларды жаратмандыктын, тынчтыктын жана бакубатчылыктын дарбазасына айландыра аларыбызга ишенем.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү эртең Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат. Ошондой эле, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык маселелеринин бардык спектрлерин жана өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашат.

Бул отурумга байланыштуу бүгүн Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Аны Тамчы эл аралык аэропортунан президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды.

Copyright © 2017 Maral FM