Биз менен байланышыңыз

А. Маматалиев: Чек ара маселесинде өкмөт алсыздыгын көрсөтүп коюп жатат

Күн чекит | 24 Июл 2019 | 677 | 0

22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон. Ак-Сай айылынын жашоочулары туу түркүккө каршы чыгышып, натыйжада эки элдин ортосунда чатак ырбап, курал колдонууга чейин жеткен. Учурда кырдаал курчуп, Ак-Сай айылынан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 674кө жетти. Биз кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен маек курганбыз.

— Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп жатканына бүгүн 3 күнгө кетип баратат. Сиз убагында чек ара маселелерин карап, күч түзүмдөрүн координация кылып турчусуз.  Ошол учурда кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация, демаркация иштери кандай жүрчү эле?

— Биздин учурда деле кырдаал ушундай эле болуп турчу. Маселен, 2014-жылдын апрель айында тажик чек арачылары Ак-Сай айылына куруп жаткан жолубузду тосуп алышкан. Тажик тарап эч кимди өткөрбөй, Ак-Сай айылынынын тургундары эки жакка каттай албай аябай убара тартышкан. Мунун негизги себеби эле, ошол делимитация, демаркация маселелери. Өкмөткө караштуу делимитация комиссиясы бар. Тажик тарапта да ушундай комиссиялар бар. Алар бул маселени тездетиши керек.

Биз иштеп турган учурда эл кыргыз айылдарына Тажикстандын айылдары аркылуу өтчү. Муну эске алып, биз Көк-Таш-Ак-Сай жолун салганга үлгүрдүк. Андайын Лейлекке көпүрө курдук. Муну менен эмнени айткым келди? Эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатакка алып келе турган негизги көйгөйлөрдү изилдеп, жойгонго аракет кылганбыз. Бир жылда 9 ирет жолугушуулар болор эле. Сүйлөшүүлөр тез-тезден жүрүп турчу. Анын натыйжасында эл элдешип, чыр-чатак кадимкидей токтоп калган. Ошондой эле, Көк Таш деген айыл бар, дайым чыр чыгат. Ошол айылдагы 16 гектар жердеги шахмат түрүндө жайгашып калган үйлөрдү Тажикстандын чектешкен айылына алмашуу маселесине жетип калдык эле. Бүгүнкү күндө бул маселелер токтоп калыптыр.

— Өкмөт чек ара маселесин чечүүдө алсыздыгын көрсөтүп жатабы?

— Бул маселени тейлеген, чечкен бирден бир орган — Өкмөт. Ал жакта ар тараптуу иш алып барган адистер бар. Алар бул иштер боюнча күн сайын иштеп, дыкат анализ жүргүзүп турушу керек. Делимитацияны тездетип, тил табышышы керек. Чек ара кызматкерлери баш болуп, айылдардын башчылары менен бир мунасага келиши керек. Эгерде мындай аракеттер жүрбөсө, албетте эл өкмөттү алсыз дей баштайт да.

— Ак-Сайдагы чек арада Кыргызстандын күч түзүмдөрү жергиликтүү элге карата жардыргыч заттарды, көздөн жаш агызчу курал колдонду. Негизи жайгаруу аракети кандай болуп жатат?

— Биринчиден, жолду тосуп алуу — мыйзамсыз. Бирок мен түшүнөм, биздин эл аргасыз ушул жолдорго барып жатат. Бирок кандай гана кырдаал болбосун, жолду тосконго болбойт. Жадагалса, мыйзам бар. Андан көрө кырдаалды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү жана борбордук бийликке талап койсо болмок. Экинчиден, кандай гана жагдай болбосун, укук коргоо органдары элге күч колдонбошу керек. Ага жол берилбеши абзел.

— Ушул жумада Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушары айтылды. Бул кездешүү маселелерге чекит кое алабы?

— Коюшу керек. Бизде укук коргоо органдарын, Өкмөттү президент өзү тейлейт. Тажикстанда да — ушундай. 2015-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда мен да катышкам. Анда экөө тең өз Өкмөттөрүнө «бир-эки жылдын ичинде делимитация иштерин 90 % бүтүрүгүлө» деген катуу тапшырма беришкен. Тилекке каршы, ошол эле бойдон жылбай турат. Негизи өлкө башчыларынан тапшырмалар берилет, ошол учурда иштер жүрөт, абал туруктуу болуп калганда, кайра унутулуп калат.

Copyright © 2017 Maral FM