Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Кыргыз-тажик чек арасында чагымчылдыкка алдырбаш керек

Күн чекит | 16 Сен 2019 | 671 | 0

14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан. Кыргыз-тажик чек арасында орун алып жаткан маселелерди айтып чыккан адамдар суракка тартылып жатканы белгилүү болду. Биз бул теманын тегерегинде мурунку вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

— Кошуна өлкөнүн мындай аракети эмнеден кабар берет?

— Бул кадамды аракет эмес, мыйзамсыздык деп белгилеп коюубуз керек. Анткени, интернетке чыккан маалыматтарды алар да, биздин жарандар да жазып жатышпайбы, тактала элек жерге шагыл төгүп жатат деп. Коңшу мамлекеттер менен алдын ала оозеки келишим түзгөнбүз. Курулуш иштерин такталган жерде гана жүргүзүүгө болот. Эч нерсени айтпай туруп курууга мыйзам жол бербейт. Бул жерде кандайдыр бир чагымчыл иштер да болушу мүмкүн. Биз 2014-2015-жылдары эки өлкөлүк демаркация жана делимитация комитеттери биригип, өз ара ишенимге жетип калган болчубуз. Бирок бүгүнкү күндө куруу иштери эч кандай кабарсыз башталганы таң калыштуу болууда. Мындай аракетти, коңшу өлкөгө жакын жайгашкан айылдар менен мамилелердин солгундап кетиши да себеп болушу мүмкүн.

— Бул кырдаалда бийлик кандай кадамга барышы керек?

— Эки өлкөдө тең делимитация жана демаркация комиссиялары бар. Аларды өкмөт башчыларынын орун басарлары тээлейт. Булар чек арада жолугуп, чагымчылдыкка жол бербеши керек. Сүйлөшүү жүргүзүүлөрү абзел. Экинчиден маданият тармагында да байланыш түзүп, ак сакалдар менен биргелешип, ийри отуруп түз кеңешиши керек. Ал эми, башка жол менен чечүүнүн кереги жок. Ар кандай тастыкталбаган маалыматтарды жайылтуунун кажети жок, бул жерде.

— Кээ бир жарандарыбыз элге кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жайылткан үчүн, суракка да чакырылышууда. Бул кадамдар канчалык эффективдүү?

— Күч органдары, укук коргоо органдары өзүлөрүнүн ишин аткарып жатат. Мындай кырдаалда алар мыйзамдын чегинде жоопко тартып, иш алып баруусу туура. Анткени, өлкө аралык маселеде үчүнчү жактар пайда болуп, чагымчылдык орун алып калышы мүмкүн. Жалган маалыматты таратып, элди дүрбүткөндөргө чара көрүлүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM