Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Матраимовдор боюнча комиссия түзүү биздин деңгээл эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 602 | 0

Жогорку Кеңеште «жеке жарандын мүлкүн текшер» деп айтуу эл өкүлдөрүнүн деңгээли эмес. Парламент ар бир мыйзам бузуу боюнча комиссия түзбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду кылмышкер деп ким тапты? Кайсы соттун чечими бар? Аны кылмышкер деп экс-президент Алмазбек Атамбаев айткан. Кылмыш иши, соттун чечими жок болсо, кантип кылмышкер деп атоого болот? Эмне үчүн Матраимовдун маселеси боюнча комиссия түзүшүбүз керек? Эгерде бажы системасында, Салык кызматында мыйзамсыз иштер боюнча далилдер болсо, аны иликтесек болот. Ал эми бир үй-бүлөнүн иши боюнча текшерүү комиссиясын түзүү биздин деңгээл эмес», — дейт Масалиев.

Ал Атамбаев Райымбек Матраимов менен ийгиликтүү иштегенин белгиледи.

Эл өкүлүнүн айтымында, өткөн президенттик шайлоодо Кара-Суу району боюнча КСДПнын талапкерине (өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго) 100 миңден ашуун добуш берилген. Ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн салымы чоң.

«Ал кезде Жээнбековдун штабын Икрамжан Илмиянов менен Фарид Ниязов башкарып турган. Ал эми Атамбаев көзөмөлдөгөн. Эми түштөн кийин ойгонуп алып «койкуй» деген болбойт. ЖКнын депуттарын мыйзамсыз камап жатканда адистер кайда жүрүшкөн? Эми Атамбаевдин “мен тазамын, мен уккан эмесмин” деген жообу жакшы тактика. Ал  коомчулукта таасир берип жатат», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM