Биз менен байланышыңыз

Масалиев депутаттардын 200 миң сом өлчөмүндө өргүү акы алганын сындады

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 747 | 0

Экс-депутат Исхак Масалиев парламент депутаттарынын берген убадасын аткарбай, 200 миң сомдон 300 миң сомго чейинки өлчөмдө өргүү акы алганын сындады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш жаңы Конституцияны кабыл алып, анан кайрадан парламенттик шайлоо болот деп мыйзам кабыл алышып аткарышкан эмес.

«Керек болсо айлык да албайбыз» деген сөздөрү эсиңерде барбы? «Конституцияны кабыл алып, анан жаңы шайлоо болот» деген мыйзам кабыл алышкан болчу. Жогорку Кеңештин мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узартышкан. Ал мыйзамдын аткарылышын ойлоп да коюшкан жок. Эми чарчап каникулга чыгып кетишти. Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат.  200 миң сомдон 300 миң сомдон акча берилет. «Отпускной» дейт аны…» —  деп жазган Масалиев.

30-июнда Жогорку Кеңештин VIII сессиясынын жабылуу салтанаты болуп, VI чакырылыштын депутаттары эки айлык эс алууга тарашты. Бирок 5-июлдан 30-июлга чейин кезексиз сессияга чогулат.

Copyright © 2017 Maral FM