Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: 9%дык босого акчасыз партияларды жарыштан арылтуу аракетиби?

Саясат | 21 Окт 2019 | 1416 | 1

2017-жылы парламентте шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзөртүүлөр киргизилип, 2020-жылдагы шайлоого 9%дык босого кабыл алынган. Бирок, бүгүнкү күндө айрым депутаттар, серепчилер бул мыйзам чөнтөктүү гана чиновниктерге жол ачат деген ойдо. Кайрадан мыйзмды карап, өзгөртүүкиргизүү керек дегендер да жок эмес. Кыргызстан мындай чечимге азыр даяр эместигин айтышып, босого пайыздыкты 5 же 7% га түшүрүүнү колдошууда.

КСДП партиясы шайлоодон өтүп, башкалары өтпөй эле коюшсун деген ой менен мыйзамды көтөрүп чыгышкан

Мындан 2 жыл мурун Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси көтөрүлүп, анда 2020-жылдагы шайлоого босого упайды 9%га көтөрүү сунушталган. Бирок ошол кезде депутат Исхак Масалиев бул мыйзамга каршы болгон. Эл өкүлү бул жөн гана КСДП партиянын жүргүзгөн саясаты жана акчалуулар үчүн гана жол ачылып жатат деген ойдо. Ошол үчүн бул мыйзамга каршы болгон депутаттар чогулуп, өзгөртүү киргизүү керектигин айтат.

Мен бул мыйзамга башынан эле каршы болгом. Бул — кичи партияларды жок кылуунун аракеттеринин бири. Аларды парламентке жолотпойбуз деген ачык эле иш. Бул жерде монополия кылабыз деп жатышат. КСДП жана башка партиялар «биз өтсөк, башкалары өтпөй эле койсун» дегени да. Ошондо жалгыз мен гана каршы пикиримди айтып чыккам. Эл өкүлдөрү, коомчулук да бир дагы пикир айтышкан эмес. 180 миңден добуш алуу оңой эмес да. Эки гана партия өтөт, а калган 1,5 млн элдин добушу жерде эле калып кетет. Бирок бул мыйзамды эмки күзгө чейин өзгөртүүгө болот. Бирок бул кадамга саясий эрк жана депутаттардын добушу керек.

Келерки шайлоо акча менен өтөт

Эл өкүлү Таабалды Тиллаев элдин жана депутаттардын нааразычылыгын угуп жатканын билдирди. Бирок мамлекеттин экономикасын, өкмөттүн иштерин эске алганда, 6 партия бир топ оордук жарат деп эсептейт. Бирок босого упайын 9 %дык эмес, 7%дык кылса деле болмок деген оюн билдирди.

-Биз бул боюнча ар тараптуу пикирлерди угуп жатабыз. Бирок 9%га көтөрүүнүн себеби, көп партия өткөндө коалиция түзүүдө, өкмөттүн ишине жолтоо болууда, экономикалык коз карашты караганда, бир топ оордуктар болду. Себеби алты партия өттү, анын ичинде алты коз караш дегендей. Мындан улам, 9%га босого упайды көтөрүү каралган эле. Бирок бүгүнкү күндө кичи партиялар же каражаты аз болгон партиялардын шайлоодон өтүшү кыйынчылыкты алып келет. Анткени шайлоо азыркы мезгилде акчага такталып, байлык көп нерсени чечип калды.

Эгерде шайлоо 9%дык босого менен өтсө, чыныгы күрөш жүрөт

2017-жылы партияларды азайтуу мыйзамын депутат Элвира Сурабалдиева да колдоп берген. Ошол кезде жаңы, жаш партияларды бири-бирине бириктирип, парламентаризм түзүү максат болгонун айтат. Эгерде келе жаткан шайлоо кабыл алынган мыйзам менен өтүп калса, чыныгы тиреш жүрүп, күчтүү, жаш жана жаңы жүздөр келеринен күмөнү жок.

-Мен бул мыйзамды колдогом. Бирок ошол кезде биздин оюбуз Кыргызстандагы жаңы, жаш партияларды бириктирп, парламентаризм түзүү болчу. Эгерде дүйнөлүк аренаны алып карап көрсөк, Улуу Британияда же Америкада аз эле партия бар. Бирок алардын тарыхын карасак, алар мындай системага 100 жылдап өтүшкөн. Бирок мен азыр коомчулуктун пикирин уксам, бул 9%дык босогого каршы экен. Мыйзамды кайрадан караганга убакыт бар. Эгерде кабыл алынган мыйзам ошол бойдон калып калса, менин оюмча шайлоо таза, чыныгы күрөш менен өтөт болуш керек. Балким 30 жылдан бери жүргөн айрым саясатчылар өтпөй калып, жаш жаңы муун келип калат.

Кыргызстан 9%дык босогого даяр эмес

Ал эми  саясат талдоочу Жолборс Жоробеков Кыргызстан 9%дык босогого даяр эмес деген пикирде. Ансыз деле шайлоого жарандардын аз гана пайызы катышарын айтып, элдин көбүнүн добушу куйүп кетет деп ойлойт.

-Бул — жөн гана чөнтөктүү адамдардын чыгарганы. Ооба, бул системага өтүшүбүз керек. Бирок азыр эмес. Эгерде статистиканы алып карасак, Кыргызстандын 51%ы гана шайлоого катышат, добуш бере алат. Эгерде жогорудагы пайыздык баллды коюп койсо, эки акчасы бар партия өтүп, каалаганын жасайт да.

Эгерде 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого болгондо, бүгүнкү күндө парламентте КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү — Прогресс» партиялары гана болмок.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    22.10.2019 21:26

    Азыр элдин баары саясатчы, бирок колунан эч нерсе келбейт, себеби оздоруно ылайык шайлоо кодексин закондо туруп алышкан, ит уро берет болуп жатат. Законду, шайлоо кодексин озгортуу керек, ар бир жаран шайланууга укуктуу. Эл колдоо ошол болушу керек. Биздин эл, депутаттар парламенттик башкарууга даяр эмес экени корунуп турат. Парламентке татыктууларды эл тандабай партия тандап базар оюну болуп дагы 30 жыл журобуз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM