Биз менен байланышыңыз

Дастанбек Жумабековду төрагалыктан алуу сунушталды

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 1667 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматтан чакыртып алууну сунуштады. Ал сунушун “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын кароосуна жибергенин «Фейсбук» баракчасына жазды.

Жаңы жылдын алдында коом жана ар бир адам жаңыланууну каалайт. Жагымдуу окуяларды, жашоонун жакшырышын тилейт. Жогорку Кеңеште биз кесиптештер менен өзүбүздүн төраганы шайлап жана кызматтан бошото алабыз. Мамлекеттин жогорку органы болгон парламенттин имиджи анын башчысынан, төрагадан көз каранды. Элдин сындап жатканы бул факт, — деп билдирген Масалиев.

Ошондой эле эл өкүлү учурдагы төрага Дастанбек Жумабековдун бул кызматка даяр эмес келгендигин айтып, бирок анын жаш экендигин эске алганда, алдыда үйрөнө турган көп жагдайлар бар экенин кошумчалаган.

Мындан сырткары, анын төраганы чакыртып алуу сунушу учурда талкууланып жаткандыгын айтып, бул демилге колдоо табарынан үмүтү бар экендигин билдирген.

Дастанбек Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM