Биз менен байланышыңыз

Масалиев: «Кыргызстан контрабандисттердин өлкөсүнө айланып кетти»

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 1327 | 0

«Азаттык» радиосунун иликтөөcүндө 2011-2017-жылдары Кыргызстандан банктар аркылуу 700 миллион доллар чыгарылган жагдай боюнча “Марал” радиосу парламент депутаттары, саясатчылар, коомдук ишмерлердин пикирлерин угуп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, чынында, Кыргызстандын контрабандисттердин өлкөсү атыгып бара жатканына кейип, буга чара көрүү керектигин белгиледи:

700 миллион доллар Кыргызстандан алынып чыгып кетти деген туура эмес. Бул товардын наркы, алынган товарлар. Бирок, негизи, мунун өзү жакшы эмес. Мамлекет контрабандисттердин өлкөсүнө айланып кетти деген сөз жаман! Жашыруун жол менен келген товарлар Орусия, Казакстанга жиберилген деген маалымат болуп жатат. Бул, албетте, биздин өлкөнүн аброюна шек келтирет, — деди Масалиев.

Ошондой эле, эл өкүлү бул окуя боюнча сөзсүз түрдө тийиштүү органдар изилдеп, маалыматтын чын же калп экенин териштирип, бир жыйынтык чыгарышы керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM