Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Исхак Масалиев УКМКга сурак берип чыкты

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 927 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев УКМКга күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кечээ кечинде мени чакырган УКМКнын тергөөчүсү Жантаев менен жолуктум. Бир кылмыш иши боюнча күбө катары суроолорго жооп берип чыктым. Ал кылмыш иши менин азыркы ишмердүүлүгүмө жана саясий көз карашыма тиешеси жок. Урматтуу достор, баарыңыздарга колдоо үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жазды Масалиев.

Copyright © 2017 Maral FM