Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Бакир уулуну тизмеге киргизүү талабы коюлса, киргизебиз

Кыска кабар , Саясат | 2 Сен 2020 | 5692 | 0

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы жыйын өткөрүп, анда Турсунбай Бакир уулунун «Бүтүн Кыргызстан» партиясына карата жазган арызы боюнча маселе каралды.

БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү доклад окугандан кийин Турсунбай Бакир уулуна сөз берилип, саясатчы сөзүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясы курултайда бекитилген тизмени эмес, башка тизмени БШКга тапшырып койгонун айтып, аны мыйзамсыз экенин белгиледи.

Андан сырткары Бакир уулу ушул маселеге Боршайкомдун укуктук баа берүүсүн суранды.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров документтерди тапшырууда техникалык ката кеткенин, убакыт аз калгандыгына байланыштуу болгон документтерди жөнөтүп жибергенин айтып, аны кийин оңдогонун кошумчалады.

— Бакир уулунун талабы эмне болуп атат, «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого катыштырбай коюубу же партиянын алдыңкы 20 тизмесине кирүүбү? Тизмеге кирүү. Эгер ушул талап болуп аткан болсо, маселе жок, биз аны алдыңкы тизмеге киргизип коебуз, — деп билдирди Мадумаров.

БШКнын жумушчу тобу комиссияга «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесин кабыл албай, шайлоодон чететтүү боюнча сунуш берип, бирок ал колдоо тапкан жок. Бул маселе боюнча жыйын эртең уланат.

Copyright © 2017 Maral FM