Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Болот Шер көз жумду

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 3724 | 0

Мурунку ички иштер министри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн. Андан кийин абалы жакшырып калганы айтылган.

Болот Шер Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштеген.

Ал 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Пушкин айылында туулган. Артында эки уул, эки кызы калды.

Маркум менен коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт.

“Марал” радиосу маркумдун жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM